Апенди

Апендинин жоруктары

∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗

Сынак учурунда:

Мугалим:

– Фамилияңыз? Студент(күлүп):

– Арстанбек уулу. Мугалим:

– Эмнеге күлүп жатасыз? Студент:

– Биринчи суроого туура жооп бердим да.

∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗

Сынак учурунда бардык студенттер суроолорго жооп берип чыгып кетишти. Акыркы калган студент анчалык жакшы окубайт болчу. Мугалими аны билип:

– Сага сабак боюнча суроо берсем баарыбир таба албайсын. Кел, сага башка суроо берем. Ушул класста канча лампочка бар? – деп суроо берди. Студент ойлонуп отурганда шыпка карап лампочкаларды санап койгон экен. Дароо жооп берди:

– 8 лампочка бар, агай.

– Туура эмес, 9 лампочка бар, бирөө менин чөнтөгүмдө болчу, – деп агайы өзүнүн чөнтөгүнөн бир лампочка чыгарып көрсөттү жана студент ошол сабактан калып калды.

Бир жылдан кийин дагы ушул сабактан, ушул класста сынак болуп жатат. Мугалими баягы студентти таанып:

– Сага дагы эле ошол суроо: Класста канча лампочка бар? – деди. Студент болсо:

– 9 лампоча бар, – деп жооп берсе, агайы:

– Дагы туура эмес, бүгүн менин чөнтөгүмдө лампочка жок, – деп чөнтөгүн көрсөттү. Анда студент:

– А меникинде бар лампочка, – деп жооп берип сынактан өтүп кеткен экен.

Предыдущая страница 1 2 3 4 5 6 7 8 9Следующая страница

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!