∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗
Апенди күндүз көчөт отургузуп, кечинде сууруп алып, үйүнө көтөрүп кетчү болуптур.
– Бу эмне кылганың? – деп, кошуналары сураса.
– Ээ, кайсыны айтасыңар, заман бузулуп турат, ууру көп, алда- кандай болуп кетелегинде, буюм-суюмдарыбызды жаныбызга ала жүргөнүбүз оң, – деп жооп берген экен жарыктык Апенди.
∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗
Апенди бир досунукуна барып конуп калат. Бир маалда досу унчугат:
– Уктадыңбы, Апенди? – дейт.
– Эмне экен? – дейт Апенди караңгыда.
– Сенден карыз акча сурайын дедим эле, – дейт берки.
– Койчу ары, уктап атса сурап, – деп, Апенди көзүн чылк жумуп, коңурук тартып калган экен.
∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗
– Мен сиздин жүзүңүздү бир жерде көргөндөй болуп жатам…
– Болушу мүмкүн эмес. Мен дайыма аны өзүм менен алып жүрөм…
∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗
– Ким экениңди айтсаң, мен сага досуң ким экенин айтам.
– Мен миллиардермин.
– Сенин досуң – менмин…