Анекдот - кыргызча

Жогорку Мырзалар Соту

23-февральга карата Эн Жогорку Мырзалар Сотунун чечими менен үй-бүлөнүн кодексинин берендерине төмөнкудөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1.Февраль жана Май айлары толугу менен эркектерге тиешелүү, бул мезгилде эркектер ден-соолугун чындап, активдуу эс алууга тийиш. Ошондой эле бул мезгилде эч бир аялзаты эркектин мээсине кол сала албайт, нервин кытыгылай албайт!
2. Аталган мезгилде эркек башка бир аял менен көнулу жакын болуп калса, анда кунөөнун баары ошол азгырган аялга жуктөлөт, жана компенсация төлөтулуп алынат. Презумпция куноосуздугу “Кунаажын көзүн сүзбөсө, бука жибин үзбөйт”.
3. Ар бир эркек жумасына 2 жолу, тактап айтканда ишемби жана жекшемби күндөрү ээн-эркин басып журө алат. Спорт менен машыгат, китепканага барат, бильярд ойнойт, пиво ичет ж.б.у.с.
4. 23-фералда, 9-майда, Жаны жылда, туулган кундө мырзаларга шампунь, сакал алгыч, турсий-майке, байпак сыяктуу буюмдарды белекке беруугө тыюуу салынант.
5. Март айы 15 кунго кыскартылып, 15-марттан башталсын, калган кундору февралга кошулсун!

Эн Жогорку Мырзалар Сотунун торагасы: ага полковник Ташмурат Тазалыков.
Мучөлөру: Жанышбек Сыдыков, Нурсадык Ормонбаев, Асанкул ава, Анарбек Бекишов, Асылбек Бектурганов, Кушчубек Жетигенов, Умар Суютбеков, Тахир Ишеналиев, Манас Касымов.
Эн Жогорку Мырзалар Сотунун жоопту катчысы: Баялы мырза,
Бектилген кодекс бугунтөн баштап кучунө кирсин.
21.02.2018-ж. Бишкек шаары. Эн Жогорку Мырзалар Сотунун имараты.

P.S. Толуктоолор, сунуштар, тузотуулор 23.02. чейин кабыл алынат, убакыт кенен урматуу айымдар! 😂😂😂

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!