∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗
– “Депутат менен бобоктордун жалаягы
окшош”- дейт чынбы?
– “Чын, себеби: Экоон тен тез-тез
алмаштырыш керек, болгондо да 1 эле себеп
менен!
∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗
Байлыгына эсирген бир жаман чал Апендини шакабалагысы келип:
– Каап… энең өлбөгөндө, энеңди мен алмакмын. Сен менин уулум болмоксуң, – дейт.
– Эми деле уул кылып алыңыз, – дейт анда Апенди.
– Кантип? – деп, ормоё түшөт чал.
– Опоңой! – деп жооп берет Апенди. – Кызыңызды мага алып берсеңиз эле мен сизге бала болом да калам!
∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗
Апенди үйлөнүп, тою болот. Ополоң-тополоң, эл көп, Апендини эт жэ деген киши жок, ачка калат. Апенди ичи күйүп, караңгы бурчта кесээрип отура берет. Той таркап, уул-келинди жаткыраар учур да жетет.
– Төшөк даяр, уул… – деп, жеңелери Апендиге келсе, Апенди:
– Жатпайм! Жаткыра бергиле эт жеп, курсагы тойгон бирөөнү! – деп тултуңдаган имиш.
∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗
Апенди базардан жарты кило эт сатып келип, аялынан сурайт:
– Кымындай эттен эптеп бир тамак жасоого болобу? Анда аялы какшык жылдырып:
– Кымындай эттен балээнин баарын жасоого болот! – дейт.
– Эмесе, ошол “балээнин баарын” бышыра бер! – дептир Апенди.