Анекдот2

Дүшөнбек НАН БЕРЧИ!

Бир бай орус менен кыргызга маймыл (экөөнө бирден) берип, ушуларды адамча сүйлөтүп келгиле – деп акчаны берет.
Болбосо, башыңарды алам дейт. Орус акчаны алып маймылды курстарга,театрга алып барып иши кылып аракетин кыла баштайт.
Кыргыз түшкөн акчага там салат,машине алат,кычырап кийинет. Маймылды үйгө камап коёт.
Убакыт келип орус менен кыргызды чакырышат. Биринчи болуп орус кирет маймылын ээрчитип.
Стулда отурат дейт маймыл сыр бербей,жылтырап.Бир оозун ачып койбой. Орустун кетпеген жеринен тер кетет сүйлөтө албай. Жарабадың деп чыгарып ийишет.
Кыргыз арыгы чыгып өлөйүн деп калган маймылын желкеден кармап келип стулга олтургузат да,кожаный плащтын чөнтөгүнөн каткан нанды алып чыгып кытыратып тиштегилеп кирет. Ошондо маймыл жүгүрүп келип, плащтын этегин тарткылап:
– “Дүйшөнбек, Дүшөнбек НАН БЕРЧИ!”-деген экен.

 

Нравится

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!