Ырлар

Эх жигиттер, тентексиңер

ЭХ ЖИГИТТЕР, ТЕНТЕКСИҢЕР

Эх жигиттер, өтө эле тентексиңер,
Жашыл арча, жашыл жаз көктөмсүңөр,
Кээ күнү мээрим чачып элпек болсоң,
Кээ бир күнү сүрдүү карап өктөмсүңөр.
Жадырап күн сыяктуу нуруң чачып,
Чак түштө төгүп өтчү өткүнсүңөр..

Эх жигиттер, айтып бүткүс тентексиңер,
Биз үчүн кол жеткис тээ көктөсүңөр.
Кээ бир күнү ызалантып ыйлатсаңар,
Кээ бир күнү айга теңеп өпкөнсүңөр.
Урпагын улап бала төрөбөсөк,
Тажаганда балталап кетмексиңер..

Эх жигиттер, табышмактуу тентексиңер,
Сырдуу карап сүйүү нурун сепкенсиңер.
Көңүл кушун жаз кылып бир заматта,
Кайра эле мөндүр болуп өткөнсүңөр.
Миң азапты салсаң деле сүйө береер,
Аял заттын башын байлап кеткенсиңер..

Эх жигиттер, жазылбаган ырларсыңар,
Айтылып, айтылбаган сырларсыңар,
Өмүрдүн эң ширелүү бакыт таңы,
Бал татыган, сүйүү ээси жыргалсыңар.
Табышмак, сыйкыр күлкү чырайыңар,
Мас кылып эңсеттирчүү кумарсыңар..

Эх жигиттер, мөл булактай тунуксуңар,
Кол жеткис, бир керемет улуксуңар.
Бириңер бийиктеги шумкар болсоң,
Бириңер асмандагы булутсуңар.
Асылдын асылдары билсең эгер,
Ак калпак кыргыз деген улутсуңар.

Эх жигиттер, аялзатка чыраксыңар,
Өмүрлөш, аздектеген тумарсыңар.
Аткан таң, бакыт кушу, кут дөөлөтү,
Бир өмүр сыйлар өтөөр ызатсыңар.
Алсырап ыйлап турсак таштак жолдо,
Аздектееп, алын сураар кубатсыңар..

Эх жигиттер, токтолбогон тентексиңер, Кызды көрсөң жан үрөгөн элпексиңер.
Бирөөсүнө бакыт нурун арнап келсең,
Бирөөсүнө башка тийген келтексиңер.
Бал ширин, калемпирдей сөзуң менен,
Ошон үчүн, тентексиңер, эркексиңер..

Автор. Кундузбү Алимбековна.

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!