Аралаш темада

ЖЕЗДЕМЕ ТУРМУШКА ЧЫГУУМДУН СЫРЫ

ЖЕЗДЕМЕ ТУРМУШКА
ЧЫГУУМДУН СЫРЫ

ҮЙЛӨНҮҮ ТОЙ

Биздин үйбүлөдө эки гана кыз элек. Атабыз көп
жыл мурун кайтыш болгон. Караан тутканыбыз
жалгыз апабыз бар. Ушундан уламбы, Касиет
эжем экөөбүз бири-бирибизге аябай жакын
чоңойдук. Экөөбүздүн бири-бирибизден
жашырган сырларыбыз жок болчу. Бир күнү
Касиет үйгө жүзү жаркып кирип келди.
– Билесиңби, эмки айда Бакыт экөөбүз үйлөнмөй
болдук…
– Ыя? Чын элеби?
Алгач негедир делдейе түштүм. Анан
сүйүнгөнүмдөн ордумдан тура калып эжемдин
бетинен өөп-өөп жибердим. Чындыгында эле
Бакыт байке биздин үйдөгүлөр үчүн эң жакын
адам болуп калган эле. Эжем экөө ээрчишип
бара жатканда бирине-бири кыналыша өскөн ак
кайыңдай көзгө сүйкүм көрүнүшчү. Дилимде
эжемди андан башка адамга ыраа көрө алчу
эмесмин. Ошентип, той болоор күн да келип
жетти.
Ошол күн менин жашоомдо эң бактылуу күн
эле. Апакай көйнөк кийген эжемдин көздөрүнөн
бакыт шооласы чачырап турду. «Бири-бирине
жарашкан кандай бактылуу жандар. Аттиң, мен
дагы жездемдей бир жакшы адамдын келинчеги
болсом…» деп кыялданып жаттым. Ошол учурда
эжемдин ордуна көзүмө ак көйнөк кийген
өзүмдү элестетип алып «селт» дей түштүм.
– Барчын, мынча эмне катуу ойлонуп?..
Артымды карасам эжем менен жездем менин
жаныма келип күлүп турушкан экен.
– Мындан ары биз бир тууганбыз. Билесиңби,
мен ар дайым сендей татынакай жароокер
карындашым болсо деп ойлоор элем. Касиет
аркылуу сендей карындаштуу да
болдум.Ушундайбы?- деди жездем эжеме карап.
– Албетте… Барчын дагы сени агасындай
көрөт…
Касиетэжем мени жаракөрлөнө өөп калды.
– Келгиле, анда үчөөбүз ар дайым бир тууган
болуп айрылышпай жүрөлү,- деп жездем
экөөбүздүн тең колубуздан жетелей берди.
Аттиң ай, көрсө, ошол учурда өзүбүз байкабай
тагдырыбызды чиелештире байлап жаткан
экенбиз.

КЫРСЫК

Ошентип, жездем биздин үйбүлөнүн эң жакын
адамы болуп калды. Эркек баладан көзү каткан
апам жездем дегенде ичкен ашын жерге койчу.
Жездемдин адамгерчилиги, боорукерлиги,
илбериңки мамилеси да бизге аябай жакчу. Бир
күнү Касиет эжем келип калды. Көзү ойноктоп
бир купуя сырын ичке батыра албай жаткандай.
– Барчына, бир жакшы жаңылыгым бар…
– Кана айт, эмне болду?- дедим мен дароо эле.
– Сен таап көрчү,- дейт ал
ссылки менен кирип Присоединиться кылып
кошулуп окусанар болот….
http://m.ok.ru/dk?st.cmd=altGroupJoin&st.groupId=53730089042169

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!