Аралаш темада

Эркектер аялды сыйлаганды билишпейби

Эс тарткандан баштап эле «аял жакшы – эр жакшы», «жакшы аял жаман эркекти орто, орто эркекти жакшы, жакшы эркекти хан кылат» деген апамдын насааты менен чоңойдум. Менин курагымдагы же менден улуу, же кичүү баары эле ушундай тарбияда чоңойсо керек. Акыркы кездерде мен бул макалдарга кыжырым келе баштады. Эмнеден улам экенин азыр икаямдан улам түшүнөсүз. Жашоо шартка байланыштуу Түркияда жашап калдым. Акырындап түрктөрдүн жашоосуна аралаша баштадым. Ооба, бай-кедей, кыйынчылык деген Стамбулда деле, Африкада деле ошол. Бирок ар бир улуттун өзүнө жараша адаттары болот экен. Мисалы, мен ал жактан биздин аялдардай эмгектенген аял көрбөдүм. Боюнда бар, эми төрөйм деп жаткан аял базарда отурганын көрбөдүм. Өзүнөн чоң баштыктар менен товар ташыйм деп бели бекчейген келиндерди, бензин куюучу жайларда түн ичинде иштеген секелек кыздарды, пенсия курагындагы апалар дили, тили бөтөн жерге кетип кор болгонун көрбөдүм. Күндүз иштеп келип, кечинде кайнененин тилин таап, бала-чакасын багып, ортодо күйөөсүнөн чала-бучук таяк жеп, эртеси эс албай жумушка кеткен аял тууралуу айтсам, алар үчүн жомок.
Ал жакта аял акак таштай сыйланат экен. Мыйзамы да, эли да, эркеги да коргоп турушкан аялдарды көрдүм. Алардын көздөрү бактылуу, ишенимдүү. Көрдүм да, ичимден сыздым. Биздин элдин аялга кылган мамилеси да, макалы да, сөөгүнө сиңген түшүнүктөрү да туура эмес сезилди.
Сиз деле ойлоп көрсөңүз, эмнеге башка улут кызын «сен ханбийкесиң, сен дүйнө сулуусусуң» деп тарбияласа, биздин апалар таптакыр башкача тарбиялашат. «Кызым, тилиңди тишиңе кат, кокуй, ошентип жеңесиң, ошентип эл болосуң, күйөөнү деген алдаш керек, чыда, өлүп кетпейсиң» деген кептерге кулагыбыз бышкан. А аталарыбызчы, менимче, алар «кыз дегенди энеси тарбиялайт» деген түшүнүк менен өздөрүн суудан кургак чыгарып кетишет. Капа болгонум, атам замандан эле кыргыздар макалы менен, башкасы менен кыздарды эркектер үчүн кызмат кыла турган объект катары көрүп жүрүп сөөгүбүзгө сиңип калганы.
Ал жакта кабылган бир кызык окуя эсиме түштү. Сейил бакта жүргөн элек, бир түрк айым сөз баштап, мен жооп берип дегендей отуруп калдык.
– Сиз эмне иш кыласыз?- дедим мен.
– Эч нерсе, үйдөмүн.
– Аа, демек, үй иштери менен алек экенсиз да?
– Жок, үй иштеримди кызматчы кылат.
– Түшүндүм, кыздарыңыз менен алек болот экенсиз, ээ?..
– Кыздардын 2 бала багуучусу бар.
– Анда күйөөңүзгө көңүл буруп, жакшы карайт турбайсызбы?
– Эмнеге, күйөөм мага көңүл бурсун…
Эрксизден күлдүм. Биздики менен салыштырсаң, асман менен жердей. Балаңды тарбияла, акча да тап, кайын журтка да кызмат кыл, үй тиричилигиңди тың кыл, алыс-жакын туугандар менен катташ, күйөөң башкага кетип калбаш үчүн ага жагуунун жолун изде. Айтор, баарына жетиш!
Негедир «үй-бүлөнү алып кетиш аялдан» деп тыянак чыгарып алышкан. Ал тургай эркек балдарын таштап, башканын үстүнө кирип кетсе да, биз анын аялын күнөөлөйбүз. Басып кеткен эркекти эмес, аны кармай албаган аялды… Күлкү келерлик нерсе эмеспи, ээ, замандаш.
«Мыкты аял экен, үй-бүлөсүн сактап калды» деп да көп угам. Мурун мен да ошондой аялдарды кыйын экен деп ойлочумун. Азыр мага алар байкуштай сезилет. Баарына көз жумуп, үй-бүлөнү сактап калдың, ошол эле учурда өзүңдү жоготкондурсуң, балким… Аны кандай күч менен сактап калганын бир өзү, бир Кудай билет. Мени ойлонткон нерсе, эмне үчүн биздин кыздар, келиндер, апалар өздөрүнө эркек ташый турган жүктү алып алышкан? Андан да жаманы, эмнеге биздин эркектер ошого макул болуп отуруп калышкан?
Билем, көп эркектер менин оюма каршы чыгат. «Тантыраган неме да, аз убакыт башка өлкөдө жүрсө эле кыйын болуп калат. Бул аялдын жүгү эмей эмне?!» дегендер четтен чыгат. Албетте, актанууга акыңар бар 🙂
Кыздар, келиндер, апалар, бүгүнкү күндүн жүгү оор. Кайышып, майышып көтөрүп келе жатасыңар. Айтарым, ошол жүктү жалгыз көтөргөнгө милдеттүү эмессиңер. Силер корголо турган, аярлана турган, аяй турган затсыңар! Тарбия муундан-муунга өтөт эмеспи, биз кыздарыбызга болгон тарбияны, талапты өзгөртүшүбүз керектир. Балким, биз ошондо аялы, баласы корголо турган коомго келербиз…
(Сиздин оюнуз, комментарии жазгысы келгендер, аягына чейин тушунуп окуп, анан согунбой жазгыла!!! Кошуп кетуучу соз, бизде уй-булоосун жакшы караган эркектер да бар, рахмат аларга, бирок, алар ото аз!!!)

🌹Мээрим🌹

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!