Аралаш темада

Кам санаба гүлүм

Өлүм төшөгүндө жаткан аялы күйөөсүнө суроо узатты:
-Мен өткондөн кийин качан үйлөнөсүң?
Аялынын сөздөрүн угуп, көздөрүндөгү жашы менен:
– Кам санаба гүлүм, топурагың кургамайынча
үйлөнбөйм.
Аялы жылмаюу менен дагы бир ирет суроо берди:
-Чын элеби?
Күйөөсү жаштуу көздөрү менен:
-Ооба жаным сөз берем.
Аялы оюндагы жоопту алган соң, бир аз өтүп көзү өтөт.
Жанынан артык көргөн жубайынын бетинен жылуу өөп
акыркы сапарына узатты… Арадан бир нече ай өттү, ал
аялына берген сөзүн эсиненен чыгарбады. Тез-тез
аялынын жаткан жерин келип карап кетчү болду.
Арада кыйла убакыт өтүп, аялынын топурагы дагы
кургап калчу кез келе баштаган эле. Ошол күндөр
аралыгында күн сайын келип, топурагын карап кетчү
болду. Бирок, арадан көп убакыт өтсө да аялынын
жаткан жери эч кургачу эмес. Качан келип карабасын
ным болуп турчу. Муну көрүп, аялын сагынып
кошумчалап ыйлап дагы кетчү. Бир күнү бул иштерге
таң калып, башы жетбей ойлонуп калчу болду. Себебин
билгиси келип, ал жерге кечиндеси барды, кайын иниси
эжесинин жаткан жеринен суу чачып жатканын көрүп,
жанына барып себебин сурайт:
-Эмнеге суу чачып жатасың?
-Бул эжемдин мага дайындаган акыркы сөзү болчу,
аткаруу мен үчүн парз эле.
Бул сөздөрдү угуп, аялынын сүйкүмдүү жан экенине,
көзү өтсө дагы башкасына бергиси келбегенин түшүнүп
жетти. Ага башкалар көп жолу айтып көрүштү, “Башка
аял ал”- деп, бирок анын жообу баарына бирдей эле:
“Аялым кызганат”. Бул жалган дүйнөдө башка
табылгыс аялынан кийин, эч кимге үйлөнбөдү.
))))

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!