Ырлар

ООЗУН ЧОЙГОН КЫЗДАРГА

ООЗУН ЧОЙГОН КЫЗДАРГА

Кудай берген бетке шыбап баарысын,
Таппай жүрөт сулуулуктун дарысын.
Оозун чоюп ак куу сезген өздөрүн,
Көрүп күлөм маймылдардын жарышын.

Жалаяктай оозун бурап чурмуйтуп,
Бетин коет ботко бардай тултуйтуп.
Дене башын туш тарапка ыргытып,
Маймыл турат төшүн койгон култуйтуп.

Көрдүң беле чөл- талаанын Бөкөнүн,
Сүзүп качат оозун чойгон бөтөнүн.
Инстаграмда чормойгондор жайнаптыр,
Элестеттим бөкөндөрдүн “көтөнүн”! ))

Маймыл болуп оозду чойбой курбулар,
Адам сындуу түшкүлөчү тасмага.
Сулуулукту оозуң менен таппайсың,
Ыйман болсо жагасың сен башкага!

Булак

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!