Ырлар

Сотка

Ата агенттен буткон баламын.
Качан мен сотка аламын.
Сындырып алып соткамды.
Ачылбай койду кабагым.

Корунуп “жарк” дей тушсо деп.
Кочону далай карадым.
Коргон бир кунум курсунчу.
Ата соткасы сынык баланын.

Туягын тулпар кордойбу.
Ондотуп берсен болбойбу.
Болунгон соткам бириксе.
Боксоргон жерим толбойбу.

Укканын барбы атаке.
Сотка саткан дордойду.
Дордойго мени чакырып.
Ата алперип койсон болбойбу.

Балалуу колдун ордогун.
Баласы учун олгонун.
Бук тушуп олгон сотка учун.
Буркутту дагы коргомун.

Асырап балдар которгон.
Айфондун бирин корбодум.
Жылдыздай жанган баланды.
Ата самсункча неге корбодун.

Барчында канат сабалап.
Сотка учун кылат далалат.
Айланып цумдан кеталбай.
Алтынбек журот талаалап.

Жат десе болбой айкырып.
Агентке кирет мамалак.
Атаке сендей боору таш.
Деги адамда неге жаралат.

Аргимден ушак кеп угам.
Сонун соткалар чыкты деп угам.
Катасыз жаздым бекендеп.
Балдардан жаман корунам.

Корсотсо балдар соткасын.
Томсором айла жогунан.
Тойпондоп кирип мен деле.
Ата жазпайт бир белем сонундан.

Ичине тушуп жалындын.
Чехолун анын тагындым.
Сыздатса балдар сынык деп.
Сынганын айтпа шагымдын.

Жоготкон деген соткасын.
Жогуда менин багымдын.
Ондотуп берчи атаке.
Соткамды жаман сагындым.

Нокия мага мунарык.
Баратат чота тунарып.
Пародияны озум жазсамда.
Авторлор койбоду менден уялып.

Кайгынын жетпей тубуно.
Кетти окшойт ырым чубалып.
Ушунун баарын окушса.
Ата алперээр бироо уялып.

Автору: Алтынбек Эгембердиев

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!