Анекдот - кыргызча

Самолётто


Самолётто эки кыргыз,бир еврей,бир казак болуп учуп баратышат дейт.Бир маалда лётчик келип:
-“Самолет бузулду. Бир аздан сон жерге кулайт. Бизде 4 эле парашют бар. А биз 5 кишибиз. Мен мыкты лётчикмин дагы самолет айдап элге кызмат кылганга тирүү калышым керек. Мага бир парашют бергиле дейт. Анда кыргыз макул болуп берет. Лётчик секирип кетет.
Анан казак баштайт: -менин көп балам бар, өлсөм аларды ким багат дейт. Ага боору ооруган кыргыз дагы бир парашютту берип аны да секиртип жиберет.
Андан соң еврей айтат:
-Биз еврейлер акылдуубуз, дайма бир нерсе ойлоп табабыз. Элге керекмин. Мага да бир парашют бер дейт. Кыргыз мейли деп ага да бирди карматат. Еврей секирип кетет.
Ошентип бир эле парашют менен 2 кыргыз калды. Анда бири: Ташмат сен алдагы парашют менен секирип кете бер. Мен кала берейин. Баатырларча өлөм десе. Ташмат айтат:Ээ досум, коркпо менде эки парашют бар. Тиги еврейге жөн эле сумканы берип койгом. Ал акылдуу да акыры бир нерсе ойлоп табар жерге түшкүчө- деп коёт дейт😂😂😂😆😆😆

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!