Анекдот - кыргызча

Аял алгандан кийин

Менин жолдошум тамакты тандап жейт экен.
Салат жасасам мойенез жебейм дейт.
Көк чөп да жебейм,эчки белем мен дейт күйдүргү.
Экинчи күнү пловдун сабизин терет.
Үчүнчү күнү лагман кылсам калемпирин эле терип жатат.
Жиним келип тамакты алып итке салып берип таарынып жатып алдым😤
Эртеси тамак да жасабай койдум
Кечирим сурап.
-Атала жасасаң да жейм деп калдыго😝курсагым ачтыы деп ыйлактап жиберди.
Анан эртеси түндө жасап койгон көк чучпарамды бердим.
-Оо Кудайым сактай көр?Түндөн аман эсен ойгоноюн- деп, эки чайнап жуталбай кыйналат.
Мен болсо;
-Жут дейм!! Чыгарсаң өлөсүң деп карап турдум😝баарын жейсиң деп жедирип салдым.
Азыр не жасасам жейт.😁😂😃
Бир айдан кийин ата-энесинин үйүнө барганда баары таң калып сураса.???
-Турмуш баарын үйрөтөт экен,керек болсо ашкабак манты да жей алам дейт ко.😀😁😂😄
Так что тандабай жей бергиле аялыңар жасаган тамакты😀😁😂

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!