Анекдот - кыргызча

НАТУРИ” ЧОЧКО…

“НАТУРИ” ЧОЧКО… 🙂

Бир күнү токойго чочкону прокурор кылып дайындап коюшат. Ал турган турпаты менен “натури” чочко болгондуктан токой ичинде мыйзамдуулукту коргобой эле кайра жаныбарларды кууратып кирет. Токойдун СИЗОсу ар түркүн жаныбарларга толот. Баканы неге сен сууда да сыртта да дем аласың “аферистсиң” десе, Кирпини сен ар кимди сайгылап өлтүрөсүң деп камаса, жарканатты сен чычкан болчусуң бирөөнүн канатын уурдап алдың деп каматат. Андан жада калса токойдогу эң айлакер деген куу түлкү да кутула албай калат. Түлкү кудуңдап кетип баратса чочко токтотот да:
– Эй алдагы шубаны каяктан алдың, – дейт?
Түлкүнүн оозунан келмеси түшүп:
– Урматтуу прокурор, бул менин өз терим да,- дейт.
– Каяктагы өз териң? Мен кышында көргөндө башка болчу азыр кыпкызыл болуп калыптыр,- деп жарга такайт да СИЗОго каматат.
Ошентип баары камерада армандарын айтып отурушса, эшик ачылат да бирөөнү ыргытып жиберишет. Баары сөздөрүн токтотуп карашса, жерден бир өрдөк онтолоп, чаңдарын кагынып-силкинип, сөгүнүп туруп аткан экен. Өрдөктү көрүп таңкалган түлкү:
– Ииий бетим! Биз го биз. Сен байкушту кайсы күнөөң үчүн камады?,- дейт таңкалып. Анда бозала болуп, оозун чурмуйтуп жинденген өрдөк:
– Неееең десе! Аныңар “натури” чочко турбайбы. Көчөдө жөн эле келе жатып колуна түшүп калдым. Анан эле мени жакадан алып: “Жыл сайын түштүккө кайсы акчаң менен үчуп барып келип жатасың, болду-болбоду коррупционерсиң!”,- деп айкырып тилдеди да минтип камап салды,- деген экен сөгүнүп. 😂😂😂

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!