Анекдот - кыргызча

Үй кожойкеси болуу кыйынбы?

Үй кожойкеси болуу кыйынбы?

Бул суроодон кийин «анын эмнеси кыйын» деп күлүшүңүз мүмкүн. Жумушка барып келүүнүн кажети жок, уйкуну кандырып, хобби менен алектенүүгө убакыт болот деп ойлойсуз. Анда назик жандуу үй кожойкесине арналган жумуштардын эсебин билиңиз.
1. Бир жылда үй кожойкеси жууй турган ийдиш – 5 тонна;
2. Үй -бүлөдө төрт киши жашаса, жыл сайын 18 миң жолу кашык, 13 жолу тарелка, 8 миң жолу чыны жууйт экен. Дагы казан, кострюльдарды кошпогондо.
3. Столдон раковинага чейин жыл сайын карапайым аял 1500 км жүрүп өтөт экен;
4.Статистика боюнча үй шартындагы аялдар жумуш иштеп жүргөн аялдардан артык
стресс (50%-48%),
коркунуч(41%-34%),
депрессия (28%-17%),
ачуу (19%-14%),
қайгыны (26%-16%) сезинет экен.

“-Бир күн кечке эмне кылдың?-Эсимде жок, бирок аябай чарчадым.
”Күндүн кантип өткөнүн билбей, алтындай убактыларын сиздерге арнашат. Ошондуктан апаларыбызга, эжелерибизге, жеңелерибизге камкордук көрсөтүп, ыраазычылык билдире билейли!♡

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!