Аралаш темада

машинаңыздын дөңгөлөктөрүн жууп берейинби?

Кечээ унаамда дос баламды күтүп отурсам бир тестиер
бала келип,
-Байке, машинаңыздын дөңгөлөктөрүн жууп берейинби?
– дейт, колуна майлык менен суу куюлган бөтөлкө
кармап алган.
Кийген кийими жупуну болгону менен тыкан, таза кийим
экен, селсаяк балдарга да окшобойт, мен чөнтөгүмөн 50
сом алып чыгып берсем, ал бала мени тан калтыра:
-Мен сизден кайыр сураган жокмун, акчага өтө зарыл
болуп жатам антпесе минтпес элем.- деп таарына басып
кетти.
Мен шаша-буша аны кайра чакырдым.
-Мейли, анда эмесе унаамдын терезелерин жууп кой-деп
мен аны пайда болгон сыйлуу көздөрүм менен карадым.
-Жок байке, мен бул майлык менен дөңгөлөктөрдү жууп
жүрөм, сиздин терезени чийип алып тил угам го? Байке
антпей эле дөңгөлөгүңүздү эле жууп ийбейминби- деп
калды иймене.
-Макул, ошентип деле бер – деп унаамдан жерге түштүм.
Ал дөңгөлөктөрдү жууп баштаганда акырындык менен
ата-энеси тууралуу сурай баштадым. Бул тууралуу чоочун
адам менен сүйлөшкүсү келбегени ачык байкалып турса
да, андан атасы жарым жыл мурун каза болгондугун,
апасы азыркы тапта катуу ооруп төшөктө жаткандыгын,
ошол себе ал ушинтип акча таап жүргөндүгүн билдим.
Акыры ал сөзүн:
-Мен Кудай насип этсе эч убакта тилемчи болбойм.
Кудайга шүгүр алты саным аман жана мен бир үйдүн
эркегимин, үй-бүлөөмдү багууга милдеттүүмүн жана
Кудай насип этсе багам ушинтип болсо да. Азыр
мектептен кийин дөңгөлөк жууп, дүкөндөрдүн
эшиктеринин алдын шыпырып акча таап жатам кийин
башка жол менен табаармын. – деген сөздөрү менен
аяктады.
Чөнтөктөн 1000 сом алып чыгып карматсам, албай
-Байке, мен мынча сомго татыктуу иштеген жерим жок,
жанагы 50 сомуңузду берсеңиз эле сизге рахмат. – деп
мени кайра тан калтырды.
Мен болбой жатып ага 1000 сомумду карматтым. Ал бир
нече жолу рахматын айтып, башка унааларды көздөй
басып кетти.
Кетип бара жаткан караанын карап, ичимен “Аллахым
жүрөгүңдөгү нурду өчүрбөсүн, сендей уулду тарбиялаган
ата-энеңе Аллахым ыраазы болсун, Кудай тилегиңди
берсин.” деп дуба кылып кала бердим.

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!