Окуялар

Мектепте окуп жүргөндө

2-класста окуп жүргөндө үйүбүзгө коноктор келип калды. Аларды жакшылап коноктогондон кийин чондор узатып чыгышты, дагы 6-класста окуган эжем үйдү жыйнаштырып, идиштерди жууй баштады. Бир мезгилде эжем:
— чанкап кеттим, үйдөн муздак чай куюп келчи деди эле, мен шайтан болсо конок үйдүн ичине кирип, рюмкалардан конъяктын калдыктарын пиалага куюп чыгып эжеме узаттым. Чанкап турган неме түсү чайга окшоп тургандыктан дароо жутуп ийди дагы, көздөрү чекчейе түшүп мени кубалап жөнөдү. Менбашыма кайсы акыл киргенин билбейм, иши кылып тоо таяна качып жөнөдүм. Эжем 100 метрдей кубалап келип:
— оой өлүгүн көрөйүн, жетсем өлтүрөм деген боюнча кулап түштү. Өз кылган ишим өз башыма жүк болуп эжемди кыйналып-кысталып атып сүйрөп келип жаткызып койгонум эсимде…(Эртеси бирок таяк жегем, андан)…

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!