Окуялар

Маршруткада

МАРШРУТКАГА ОТУРУП, КАПЧЫГЫМДЫ УНУТКАНЫМДЫ ЭСТЕДИМ, ЭМИ КАНТИП ТӨЛӨЙМ… АНАН ИДЕЯ КЕЛДИ
Жумуштан үйгө маршрутка менен кетип баратам, бир маалда ойлонсом, акчам жок (капчык жумушта калып калыптыр).

Эмне кылам? Кантип төлөйм? Уят эле болом го… Айдоочу күзгүнү карап: “Жол кирени төлөйбүз”, – деди.

Балким майда акча бардыр деген үмүт менен, сумканы аңтара баштадым, бирок, бүгүн эле белек кылган шоколадды таап чыктым. Күтүүсүз идея келди: шоколад менен төлөйм!

Берип жибердим, колдон колго өтүп баратат, баары күлүп атышат. Шоколад айдоочуга да жетти, ал, мындай төлөө инструментине таң кала карап калды. Бир аздан кийин жылмайып туруп айтты: “Сдачасын берип койгула”… Мага эки шоколад конфетасы кайрылып келди! Айдоочу юморду түшүнгөн жан экен, маршрутканын ичиндеги бардык адамдар каткырып калды!😁😁😁

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!