Аралаш темада

Баланы кандай тарбиялоо керек

Жыгылып кетсе: Башшшшыңды жегир, көзүң жокпу? Көзүңдү карабайсыңбы??? Ыйлап атса бала: Үнүң өч! Азыр башыңды жулам! Жап жаагыңды! Конок келгенде уруксаатсыз столго кол сунса: Өлүп баратасыңбы? Жогол тигил бөлмөгө! Бирдеме көрдүң беле? Тил укпаса: Кулагыңды кесем! Чочогуңду кесем! Кана бычагым? Алып келгилечи? Тентек кылса: Ааа “бөөө” келатат. Азыр сени жеп салат! Доктур келип, укол сайып кетчи бул балага! Тамак жебей койсо: Анан тамак сурасаң, карап тур!!! Өпкөңдү үзөм! Бир нерсени жасай албай койсо : Турчу нары жүдөбөй! Бир колуңан бир нерсе тыңгылыктуу келбейт го! Колуңан деги эмне келет? Тентигенден башка эмнени билесиң? Үлгүлүү боло албаса: Карачы, тээтиги кошунанын баласын! Зымырайып сонун жүрөт! Сен эле шалпактап! Кимди тарткансың? Өз оюн эркин билдиргиси келсе: Киши келгенде жарышып сүйлөбө! Тарбия көрдүң беле??? Чык эшикке! Абайлабай тамак төгүп алса: Оозуң жырыкпы! Жүдөбөй жечи! Оозуңду ачпай карабайсыңбы! Ойноп кетсе бала: Шыйрагыңды сындырам азыр! Тентип кайда жүрөсүң, ыя??? Сенден бир пайда жок! Пайда батасыз! Негизи эле тилдеген сөздөр: Бала эмей эле балээсиң! Азабы өттү! Бала деген баладай, башы – көзү чарадай болбойбу! Мээси жок! Көк мээ! Кимди таркансың билбейм? Мээңди иштетпейсиңби? Ж.б. Жыйынтык: Бул тарбияны чет өлкөлүк психолог укса, оңкосунан кетсе керек! Баланын психологиясын кичинекейинен эле жайлап коебуз өзүбүз. Мындай тарбия алган бала өзүнүн ою жок, эрки чектелген, корунган, басынган, чын эле мээси жок болуп чоңоет. Тарбияны өзгөртүү керек. Ар бир сөз суу сындуу. Балаңыз гүл. Жаман сөз менен бапестесеңиз, гүлүңүз да чирик болот. Балага таттуу сөз арнап, мээрим төгүп, өзгөчө мамиле кылуубуз кажет. Ушуларды элге жеткирели алтындарым☝️

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!