Ырлар

БААРДЫГЫ

БААРДЫГЫ
#Made_in_China

(Жада калса суйуусу дагы 😔)

Кийим алсаң Кытайдыкы ал деле.
Буюм алсаң, Кытайдыкы ал деле.
Кытай ээлеп алган сымал базарды.
Кыргызстанда калбагандай эч нерсе.

Баары Кытай, оригинал деп коюп.
Отурушат сатуучулар ооз чоюп.
Кытай, калмак эзелтеден Кыргызды.
Алдап келген, кебез менен кой союп.

Мейли дейсиң, кийим буюм ага да.
Китайский, кайсы жагын караба.
Жада калса,Кытайдыкы кадимки.
Кошулмалар,калемпир мурч тамака.

Жергебизге орун очок алышып.
Кытай толду, кыргыз жерин басышып.
Кумурскадай жыбыраган Кытайлар.
Завод жана фабрикалар салышып.

Өзүбүздун жерде жашап, а бирок.
Биз алардын, кол алдында иштейбиз.
Кайда кеткен, сезим деген патриот.
Эртеңки күн, кандай болот билбейбиз.

Өзүбүздөн алып арзан темирди.
Кымбат баалуу нерселерди жасашты.
Бизнес жолун, мыкты билген Кытайлар.
Кайра бизге, кымбат баада карматты.

Баары бүтүп, азыркынын сүйүүсү.
Китайский экен үзүп үмүттү.
Кыргыздарды оңго солго калчаган.
Кытайлардын амалдары кучтуубу.

Болбосом да, мен атактуу чоң акын.
Элим үчүн, күйүп арнайм жанымды.
Улуу элбиз, тарыхы бар чоң калкым.
Жерим учун, окко тосом башымды.

Рамиль акын, жөн жеринен күйбөгөн.
Баам салгыла, ар сөзүнө сүйлөгөн.
Кыргызстаным Кытайстан болбосун.
Бир күн келип, жылдар өтсө жүздөгөн.

Автор :АКМАТОВ РАМИЛЬ

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!