Моргдо инспектор өлгөндөрдү териштирип сурап калат.
-Бул өлүк эмнеге күлүп турат?
-Лотерея утуп алган экен сүйүнгөнүнөн приступ болуп өлдү.
Экинчи өлүккү барса , ал да жылмайып турат.
-Бул дагы лотерея утуп алыптырбы?
-Жок, балалуу болгон экен. Сүйүнгөнүнөн жүрөгү токтоп калыптыр.
Үчүнчү өлүк болсо капкара болуп күйүп калган Апендинин сөөгү экен. Ал да жылмайып туруптур.
-Буга эмне болгон?
-Чагылган тийип өлдү.
-Эмнеге анан күлүп турат?
-Фотоапарат менен сүрөткө тартып жатат деп ойлоптур.
0 6 327 Время чтения: 3 мин.