Анекдот - кыргызча

Кыргызча анекдоттор

Үч чымын аябай дос болгон екен. Бир күнү үчөө: – Келгиле үчөөбүз үч жерге бөлүнүп, үч айдан кийин кайра жолугалы, кимибиз көбүрөөк семирип келеер экенбиз деп. Бөлүнүп кетишет. Үч айдан кийин жолугушат. Үчөө жолугуп кимиси кайда жашаганын айтып киришет.
Аябай семиргени:
– Мен ресторанда жашадым, учуп барып туруп клиенттердин ичип аткан тамагына бир сайылам, мени көргөн алар тамагын жебей четке жылдырып коёт тарелка бут меники – деп мактанат.
Орточо семиргени:
– Мен болсо көп балалуу үй-бүлөөдө жашадым учуп барып туруп ичип аткан тамагына бир сайылам, кашыгы менен сүзүп чекеге алып коёт, бир кашык тамак бут меники дейт.
Четте турган арык чымын байкуш, ыйламсырап:
– Мен болсо студенттердин общежитиясында жашадым, жакшы эле ичип аткан тамагына учуп барып сайылам, мен байкушка чекеге жылдырмак турсун мени кошо соруп-соруп туруп чертип салышат, ошол үчүн арыкмын деген екен.

Предыдущая страница 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!