4 жаштагы бала бала-бакчадан келгенден кийин журналды барактап отурат. Жаныбарлардын сүрөтүн карап: — Апа эмнеге бардык жаныбарлардын куйругу арт жагында, а меники болсо алдымда Бала боюнда бар апасынан сурап жатат — Апа бул эмне? — Бул сенин иниң болот. — Эмне сиз аны жакшы көрбөйсүзбү??? Апасы: — Жоок ай жакшы кором албетте… — Анда неге сиз аны жеп салдыңыз… дейт ) Апасы баласын тамактандырып жатат. Баласы: — а эмнеге атамдын башында чачы жок, көчөдө балдар «сенин атан таз, лысый башка» деп мыскылдашат.,- десе, апасы: — Сенин атан абдан акылдуу, адамдын башы канчалык жакшы иштесе, ошончолук чачы жок болот, уктунбу балам, дептир. Анда баласы: — Анда сенин чачын көөп, узуун го,-дегиче болбой апасы: — жап оозуңду, көп сүйлөбөй тамагынды же… Жолдо ылайдан оюнчуктарды жасап ойноп отурган баладан милиционер сурап жатат: — Эй бала, эмне жасап жатасын? — Солдат жасап жатам. Милиционер балага тийишкиси келип: — Уйдун тезегинен кошуп жасабайсынбы?, десе. — Анда «милиция» болуп калат да -, дептир бала! Эки жаш бала ойноп жатышат, Тешабай жана Балтабай деген. Тешебай Балтабайдан сурап калат: — Сага энелердин сүтү эмнеси менен жагат. — Мага энелердин сүтү даамы менен жагат, а сагачы эмнеси менен жагат? — Мага энелердин сүтү «идиши менен» жагат, Бала кездеги окуя Мен бала чагымда, 4,5 жашымда экен. Бир нерсеге таарынып, ыйлап жатып алсам, апам тур балам, оняка жатып ыйлагын десе, башымды көтөрүп кайерге деп сурап, сооронуп, көрсөткөн жерине акырын барып жатып, анан дальше ыйлачу экенмин… Атасы менен баласы оюн ойноп отурушат экен. Анда баласы: — Ата, мен канча жаштан баштап үйгө каалаган убакта келе алам? -десе Атасы: — Билбейм балам ал жашка мен деле чыга элекмин. — дейт имиш.