Аралаш темада

Чекпе сен келечекте апасың

Бул пост үчүн алдын ала баарыңыздардан кечирим сурайм, бирок жазууга аргасызмын… Кайсы гана коомдук айымдардын дааратканасына кирбе тамекиден дем ала албайсың. Тамекини тиштеп уялбай эле татынакай мөлтүргөгөн кыздар турушат, чоң эле аялдарды айтпай эле коёюн. Ушул аялдардан кандай балдар төрөлөт дагы, көкүрөк сүтүн кантип беришет? Кантип тамак жасап, кантип жашашат тамеки жыттанып? Анан коомдо оорукчал балдар көбөйдү, мамлекет карабай койду, аялдардын ден-соолугу жаман, буга бийлик күнөөлүү деп кыйкырып чыгабыз. Жашынакай чың ден-соолугун ичип чегип аял өзү бузуп жатса кантип сергек балдар төрөлсүн. Күнөөнү доктурлар менен мамлекетке коёоордо ар бир аял ушундай жаман иштерден алыс болсо!! Кайда баспа ушул көрүнүш, түтүндөн дем алуунун өзү мүмкүн эмес!!

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!