Анекдот - кыргызча

Жакын дос менен болгон диалог

Күндөлүк

Жакын дос менен болгон диалог

– алоо ассалому алайкум. Кандайсың догдур досум…?
– жакшы рахмат. Кудайга шүгүр . Өзүн кандайсың? Үй-бүлө бала-чака аманбы?
– жакшы. Баары жайында. Ушу сен ал ахбал сураганда китептегидей сурайсын да…
– адабий тилде десең…
– оба да… Досум, сага бир кеңеш сурайын деп чалгам.
– ий айта бер угуп жатам. Денсоолукта маселе барбы?
– жок ай денсоолук “зынк”. Оорудан башка тема. Дароо эле оорууну айтасың да
– ий айт анда. Оорудан башка темада сүйлөшө турган адам бар экенинен шүгүр
– былтыр апама алтын шакек, сөйкө, мойунга такканы… Кыскасы комплект алып берем деп убада кылып койдум эле. Алып бергени чамам жетет. Алып берейин десем келинчегим “апам жоготуп алат. Былтыр алып берген кымбат шакекти деле жоготуп алыптыр го? Андан көрө эки торпок алып берели ошону багып чонойтсун. Деп жатат… Сенин ойунду да угайынчы. Бирокчу досум, аяшындын сөзүндө да жан бар. Апам эмнесин каякка койгонун унутуп, жоготуп койуп жатат да… Эми айтсаң ойунду угайын досум…
– биринчиден, апана алтын алып берем деп сөз берген болсоң бул убадана турушун керек дегенди түшүндүрөт. Сөзүндө турбасан калпычы болосуң. Аяш эненин көңүлүн оорутасын. Апанын көңүлү ооруп нааразы болгондон кийин, сага башка нерсенин кереги деле жок. Башка байлыгын сөз кылууга да арзыбаган таштанды сымал болот.
Экинчиден “алтын алып берсем жоготуп алат” деген сөз өзү туура эмес. Анткени, жоготуп алабы тагынып журобу ал аяш эненин мүлкү болгондон кийин өзү билет. А эмне үчүн алып бере элек алтынынды жоготуп алат деп анча санаркадын? Аяш энем силер үчүн алтындан кымбат нерселерин жоготкон, сен алып берчү алтынын ал байлыктардын алдында бир тыйынга татыбайт. Сени төрөйм деп сулуулугун жоготту. Чонойтом деп денсоолугун жоготту. Окутам деп каражатын жоготту. Сени үйлөп, сен аялындын сөзүн сүйлөп калганда – сени жоготту! Эмне үчүн ушунча курмандыкка 20-30 миң сомдук алтынынды аяп, алдын ала жоголуп кетет деп чоочулайсын? Жоголуп кетсин!!! Кайра-карай алып бер. Алып бергенинди алып бергендей атайын жоготуп ийсе да акысы бар. Колунан келсе сураганын алып берип батасын ал көзү тирүү кезинде. Антпесен, кийин аттин кыласың!
Учунчудон “эки торпок алып берсекпи?” дейсиң, эки торпокту эмне кыласың, аяш энем сенин малчын беле сенин торпокторунду багып чонойтуп тургудай? Буга дейре сени кошкондо жети торпокту (балдары) бакканы ас болду беле? Эми жетимишке таяганда торпок бактырам дейсиң! Торпогунду инине бактыр, жээнине бактыр. Апана бактырам деп айтпа! Аяшка да айт антип айтпасын. Уят – уят!!!
Акыркы сөзүм. Апакене берген убаданды аткар! ☝Анткени ата-эне карыган сайын бала мүнөз болуп бара берет. Сен убада берген болсоң, демек күтүп жүрөт. Сага айта албаса да, өзүнө өзү айтып, ичинен кубуронуп жүргөн чыгаар?!
– ой бой досум, урушуп салдын го мени. Макул эртең эжеме акча салып, алдырып берем. Рахмат кеңешине. Шылтоо менен урушуп алдын ээ… Макул досум. Аман бол.
– жок досум, болгонун болгондой айттым. Жарайт сенда аман бол. Чалып тур…

Башкаларга да жеткиребиз.Алдын-ала рахмат.ЧЫНАР.

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!