Аралаш темада

САБР МЕНЕН ШАЙТАНДЫН МОЙНУН СЫНДЫРЫНЫЗ

Кундордун биринде чеке айылда айланып
жургон шайтан бир нерсени коруп токтоп
калды. Алыста бир келин торпогун байлап
коюп уй саап олтурган экен. Торпок энесин
эмгиси келип тартылып атыптыр. Шайтан
акырын барып, торпоктун жибин бир аз
бошотуп койду, торпок тартылып жиби
чечилип чуркаган бойдон энесине шашты.
Уй саап олтурган келинди туртуп эмип
баштаганда, чакадагы сут тогулуп жер
менен бир болду. Келиндин жини келип ,
наракта турган таяк менен торпокту урду,
торпок жерге жыгылды, уй баласына боору
ооруп энелик меерими тогулуп кеттиби
айтор келинди сузуп олтуруп койду. Аны
уйдон эми эле чыккан кайнатасы коруп
мылтыгын алып чыгып уйду атып олтурот,
мылтыктын унунон, уулу чуркап чыкса
атанын колунда мылтык аялы созулуп
жерде жатат. Ачууланган бала мылтыкты
алып атасын атып салат, ага чыдабай
акырында озун да атып тынат. Бир чекеде
карап турган шайтан лаана ” мен болгону
торпоктун жибин гана бир аз бошотуп
койдум, эми ушуга да мени куноолуу
кылышат ” дептир. Муну менен эмне
демекчибиз; Ачуунузду САБР менен
басыныз кымбаттуум. ” Ачуу келгенде акыл
кетет ” дешет. САБР кылыныз баары
конулдогудой болот. САБРдын даамы ачуу
болот бирок акыры таттуу болот. САБР
МЕНЕН ШАЙТАНДЫН МОЙНУН
СЫНДЫРЫНЫЗ.

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!