Анекдот - кыргызча

боенуп алат

Илгерии,илгери Кудай адамды жаратыптыр да. Анын артынан тоо-таш,чөп-чар,суулардын баарын жаратат экен. Жан-жаныбарлардын баарын түгөйү менен жаратыптыр. Бир гана адам жалгыз,караса баары эле түгөйлөрү менен. Жалгыздыктан тажаган адам кудайга барып суранат экен: «Оо,Кудай мага да түгөй бер,баары түгөйлөрү менен мен гана жалгыз. Тажадым!» деп. Кудай макул болуп аялды жасап баштайт экен. Жасап бүтүп өзүнө жакпай калат,кайра бузуп салат. Кайра жасайт,жактырбай кайра бузат. Эркектей сулуу кыла албай коет,эркекти караса чекчейген татынакай,сулуу,бой десе бой,мүчө десе мүчөсү келишкен. Аялды андай сулуу кылып жасай албай коет. Улам жасайт,улам бузат. Он чакты жолу жасап кайра бузат. Акыры тажап кеткенинен: » Ээ болдучу,боенуп алат!» дептирда. Ошондон баштап аялдар сулуу болуш үчүн боенуп калышыптыр.

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Дагы күлкүлүү
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!