Анекдот - кыргызча

Кемпирлер отуруп алып

Кемпирлер отуруп алып ушакташып атышат дейт:
– Кызыңыз кандай жашап жатат?
– Абдан бактылуу. Күйөө балам жакшы чыкпадыбы. Машина, үй алып берди. Чачынын учунан тырмагына чейин алтын тагып салды. Оокат деле жасабайт. Үй кызматчы жалдап берип коюптур. Болгон эрмеги шоппинг, сулууланмай… Түшкө чейин уктайт. Төшөктөн тура электе кофе даярдап келип эркелетип ойготот экен. Кыскасы кызым жомоктогудай жашап жатат.
– Уулуңуздун жашоосу кандай?
– Кайсы бирин айтайын? Шордуу балам шойкоңдогон бирөөгө үйлөнүп алып, тапканынын баарын ошого кетирип жатат. Машина алып берди. Алтын күмүштүн түрүн тагынып жүрөт. Оокат жасаганды билбейби, үй кызматчы жалдап берип коюптур. Кыскасы уулум аялын эркелете берип моюнуна мингизип алды окшойт деп коет дейт😂😂😂😆😆😆

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!