Магазинде кезек күтүп турсам, алдымда турган киши осуруп койду.
Уялбасын деп, укпамышка салып туруп калдым.
Анан ал мага бурулуп:
— Үнду уктуңбу? деди.
— Ооба — дедим.
— Демек аралыкты сактабапсын…
— Аа кечиресиз, дейин десем.
— Жыт келдиби? — деди.
— Ооба.
— Демек маскаң да начар экен.
— Аа… кечиресиз, дейин десем.
— Ушу силерге окшогондордун айынан короновирус жайылып жатат деп урушуп мени уят кылып салды.
0 120 Время чтения меньше минуты