Аралаш темада

Ажал менен буйрук

Бир күнү ажал өз ишин аткаруу үчүн бир адамдын үйүнө барды:
– Бүгүн, сенин акыркы күнүң.
Адам:
– Бирок мен өлүмгө даяр эмесмин.
Ажал:
– Бүгүнкү тизмеде, сенин атың биринчи жазылган.
Адам:
– Макул анда… акыркы жолу чогуу отуруп чай ичсек кантет?
Ажал:
– Албетте
Адам, ажалга дастарконду жайнатып чай сунат, чайына уктатуучу даары кошуп койот. Ажал ичип алып дароо уйкуга кетет.
Адам, ажалдын колундагы баракты алып биринчи катардагы өзүнүн атын өчүрүп, эң акыркы катарга жазып койот.
Ажал уйкудан ойгонуп:
– Сен мага бүгүн сый көрсөттүң, ошол үчүн бүгүн ишимди барактагы тизменин эң акыркы катарынан баштайм дейт.
Тагдырыңызга жазылган нерселерди канча аракет кылсаңыз да өзгөртө албайсыз.
Уламыштарда айтылгандай. Карга менен папугай экөөсү тен түрү суук жаратылган экен. Папугай Аллахка жалынып атып сулуу болот. Бирок карга Аллахтын жаратканына ыраазы болот. Азыр карга эркиндикте, папугай болсо капаста.
Ар бир Аллахтын буйруган нерсесинде сөзсүз бир жакшылык бар. Ошондуктан… эч качан Аллахка “эмне учун мындай” деп нааразы болбо.

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!