Анекдот - кыргызча

Он эки ай керек го…

Орусиянын бажы кызматкеринен сурашыптыр:
– Сизге Ауди сатып алуу үчүн канча убакыт иштөөгө туура келет?
Саал ойлоно калып, орус бажычысы жооп узатыптыр:
– Эми, менимче, бир ай жетишет ко.
Ошол эле суроого украин бажы кызматкери минтип жооп бериптир:
– Сыягы, үч ай катуу иштеш керек болот ко.
Сурамжылагандар чек арадагы казак бажы кызматкерине да алиги суроону узатышыптыр:
– Аудини сатып алуу үчүн сиз канча убакыт мээнет тер төгүшүңүз керек?
Казак бажычысы чекесин тырыштырып ичинен санап туруп:
– Бир жыл.
– Кантип эле ушундай болсун, Орус бажычысы бир айда, украин бажычысы үч айда жетиштүү акча табам деп айтып жатышпайбы!
– Аларыңдын акыбалын билбейт экем. Негизи, “Audi” компаниясы өтө эле үлкөн (чоң) эмеспи. Он эки ай керек го…

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!