Анекдот - кыргызча

Мага беш мандарин бериңизчи

Магазинде мандарин сатып алдым. Алып келсем 15 даананын ичинен 5-сү көктөп кетиптир. Чекти алып алып кайрадан магазинге бардым. Кассир менен урушуп, андан кийин менеджер келип ал менен уруштум. Кечирим сурап койбой, тескерисинче мага:
– “мандарин бузулган эмес” дейт.
– “Эгер бузулган эмес болсо жеп көр, эгер жеп көрүп бети-башыңы тырыштырбасаң, мен кетем без претензий” дедим.
Ал:
– макул, деди.
Экөөсүн жеп бүтүп:
– “экөө күнүмдүк норма” дейт.
Мен:
– “жок, бешөөсүн жейсиң” дедим.
Ал араң-зорго өзүн зордоп жеп бүттү.
– “Азамат, эми старший менеджерди чакыр” дедим.
Келди.
Мен ага:
– “мага 5 мандарин бериңизчи, меникин сиздин коллегаңыз жеп койду” десем, мандаринди жеген менеджер мени ушундай көз караш менен карады, эч качан унутпайм)

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!