Анекдот - кыргызча

Түш

Таң атпай эле ыйлап жаткан аялынан күйөөсү сурайт:
– Эй, эмне болду? Карга бок чокуй электе эле озондойсуң?
– Ү-ү-ү-үү, ү-ү-үү…
– Эй, адамдын нервине ойнобой, мындай бир айтып ыйлачы! Эрте менен жок жорукту баштабай!
– Түшүмдө бир ба-аай киши мени сизден тартып алды, ү-үү-ү… мурдун шор тартат аялы.
Эреркеп кеткен эри:
– Ой, алтыным! Ошого да ыйлайбы? Түшкө нелер кирбейт да, түлкү нени жебейт. Бул түш да.
Аялы андан бетер озондойт:
– Үү-ү-ү! Ошо түш болуп атпайбы-ы-ы! Үү-ү-үү!😂😂😂😆😆

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!