Аралаш темада

Үйдөгүнү сыртка чыгарба

Негизи дүйнөдө көптөгөн элдер жашайт, бирок ошолордун арасынан Кыргыздар айырмаланып турабыз.
Жашоодон эле алсак.
– Кандайсын? – десе.
– Жакшы ө деп жооп беребиз.
Бир балага апасы айтып жатат.
– Балам калп айтпа. Жаман балдар калп айтат – деп.
Баласы:
– макул апа – дейт.
Бир күнү үйүнөн уруш чыгып апасы баласын жетелеп баратса, алдына бир киши чыгып:
– жакшысыңарбы – десе.
– Жакшы, жакшы – деп кете берет.
Анда баласы:
– апа калп айткан жаман дебедиңиз беле – десе.
– үйдөгүнү сыртка чыгарбаш керекда – деп коёт.
– М.м. – деп баласы кала берет.
Дагы бир күнү атасы менен апасы катуу урушуп, соттошууга чейин барат.
Соттошушуп жатканда, сот баладан сурайт:
– Балам атаң апаң кандай жашашчу эле?
– Жакшы, жакшы.
– Апаңды Атаң урдубу?
– Жоок урбайт жакшы жашашат – дейт.
Анда апасы баласына жини келип:
– Качан, жакшы эле урбады беле урушпадык беле десе.
Баласы айтат дейт:
– Апа өзүңүз айтпадыныз беле үйдөгүнү башка жакка чыгарба деп – деген экен баласы.

Автору: Jakwylyk Almazbekov

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!