Афоризмдер

Аялдар тууралуу афоризмдер

Айтылган сөз акыл болсо, уккан кулак макул болот эмеспи. Даанышмандардын таамай сөздөрү сизге жакшы ой жаратып, жаңы кадам таштооңузга себепчи болоттур. Аялдар тууралуу афоризмдер :
🔴Үй оокатына жок аял үйүнөн бакыт таба албайт. Үйүнөн бакыт таба албаган аял бакытты эч жерден таба албайт. Л. Толстой.
🔴Атактуу адамдардын көпчүлүгүнүн энелери мыкты болгондугу таң каларлык далил, алар атасына караганда энесинен көп тарбия алышкан. Бокль.
🔴Мен үчүн аялдын эки гана түрү маалым: биринчиси — бизди азапка салса, экинчиси — биздин азабыбызды тарткан. Биздин азабыбызды тарткандардан мен бирөөнү гана билем. Ал – менин энем. Эзоп.
🔴Бир туугандарыбызды, аялыбызды, атабызды сүйгөнүбүз менен жан кыйналганда ар дайым оозубузга биринчи энебиз келет. Н. А. Некрасов.
🔴“Эне” деген атка татыктуу аялга даңк: анын сүйүүсүндө чек жок, анын эмчек сүтү менен бүткүл дүйнө азыктанган. Адам баласындагы бардык асыл нерселер күндүн нуру менен эненин сүтүнөн жаралган. Ошондуктан биз жашоону сүйүүгө мажбурбуз. М. Горький.
🔴Римдик бир байдын аялы өзүнүн кымбат баалуу асыл буюмдардан турган жасалгасы менен мактанып курбусуна: “Сенин эмнең бар?” — дегенде курбусу балдарын көрсөтүп: «Менин жасалгам да, байлыгым да ушулар», — деп жооп бериптир. Италия элинен.
🔴Аял менен эркек – турмуштун эки түрдүү нотасы. Ансыз адам баласынын ички дүйнөсүнүн кылдары туура чертилип толук күүгө келе албайт. Ж. Мадзини.
🔴Жарык дүйнөдө бардыгы сонун, бирок ошолорду көркүнө келтирип турган жароокер жакшы жар болот. Магомед.
🔴Жакшы жар — жайнаган дөөлөт, жаман жар — жабышкан мээнет. Талмуд.
🔴Аял канчалык сулуу болсо, ошончолук абийирдүү болууга тийиш. Мына ошондо гана сулуулуктун кырсыгына каршы туруштук бере алат. Лессинг.
🔴Аял башка кыйынчылык түшкөндө — тоодой арка, жүрөктө сүйүү оту жанганда – мыкты сезимдердин энеси.
М. Горький.
🔴Аялдын сүйүүдөгү даражасы анын сүйгөн жигитинен байкалат. В. Белинский.
🔴Адамдын жүрөгү жөнүндө айтканда эркектер аялдардан чечкиндүүлүк кылышат, ал эми аялдар болсо жүрөк маселесин эркектерден мыкты түшүнүшөт. Ж-Ж. Руссо.

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!