Аралаш темада

Болгон окуя

=БОЛГОН ОКУЯ=

Келинчеги өтүп кеткен жаш жигиттин колунда
жалгыз баласы калат. Баласын эч нерседен кем кылбай
багат. Кийим десе кийим, эмнени жейм десе ошону алып
берет. Энесинин жоктугун билдирбейин деген
атасы, баласын бапестеп багат. Баласы мектепти
бүтүп, шаарга окуу-жайга тапшырат.Жылдар
зымырап, учкандан учат. Бала окуу-жайды жакшы аяқтап, үйлүү болгондо, машинелуу болгонго жетишти. Бирок бала бапестеп, эркелеткен атасын да эстебес эле. Бир айда бир жолу гана телефон аркылуу баарлашып, кабарын алып коёт. Бала иштеп жүрүп үйлөндү. Деги эле өзү менен өзү алектенип жатты. Атасы баласына чалып, келүүсүн суранды. Бала бош эместигин айтат. Балага келинчеги барып келүүсүн сунуштайт. Бирок бала Бизнес ачып алган эле. Эгер атасына жолукканы барса иштери калып кетээр эле. Атасы баласын көргүсү келээр эле. Күндө телефонун кармап, чалсамбы? же бошобой жатабы? Чалсам тоскоол боломбу? деп күндө ойлонот. Атасы ар бир намаздарында баласынын келүүсүн тиленет. Атасы ушунчалык баласын сагынып, ага чалат. Келинчеги алат:
-Аллоо. Балам кандайсын?
-Ата бул мен келиниңиз, баланыз дүкөнгө кеткен,
телефонун калтырып кетиптир.
-Балам качан келесиңер?
Силерди саагындым.
-Атаке, эртең барабыз деп жаткан балаңыз?
-Макул, макул балам.
Деп атасы аябай кубанып кетти. Келинчеги тедефонду
коёр замат, жолдошу келди:
-Ким менен сүйлөштүн?
-Атам менен.
-Эмне дейт?
-Качан келесиңер? силерди саагындым деди.
-Эмне дедиң сен?
-Эртең барабыз дедим.
-Эмне? Менин эртең чогулушум барда.
Эгер катышпасам кандай болот…
-Уксан, атаң сени саагыныптыр, көргүсү келип
жатат. Эмне сага кыйынбы бул? Атаңдын көзүнө бир
көрүнүп коюш? Эгер мен сенин ордуңда болгонумда атамды карап үйдө олтурмакмын, атама эмне керек болсо, баарын кылмакмын. Бала эшикти каттуу жаап чыгып кетти. Машинесине чыгып, олтурду. Аялынын сөздөрү баланын кулагына кайра-кайра угулуп жатты. Бала ошондо баарын эстеди. Кичүүсүндө ичем дегенин ичирген, жеймин дегенин жээдирген атасыны эстеди. Бала бир азга ыйлап, кайра үйүнө кирди. Келинчегине келип, бүгүн айылга, атасына баруусун айтты. Алар айылга жөнөштү. Айылга жетип, үйүнө кирди. Атасы короосунда көрүнбөдү. Бала үйгө баш бакты. Атасы ооруп диванда жактан экен. Бала көрүп чочуп кетти. Атасы “-Эч нерсе болгон жок”-деп гана баласын тынчтантып койду. Атасы баласына бир кагазды жана бутундагы эски носкини чечип берип, мындай деди:
-Балам апаң мага бул носкини белеке берген болчу.
Билем бул сен үчүн эч нерсе эмес. Же акча, же алтын
эмес. Бирок мен үчүн өтө кымбат. Мен эгер көз
жумсам, бул носкини сол бутума кийгизип кой өтүнөм. А бул кагазды болсо, качан кийгизгенден соң ачкын. Деп баласына карматты. Буга таң калган баласы эч нерсе дей албай кала берди. Күндөр өттү. Атасы каза тапты. Баласы аябай кайгырып жатты. Жаназасын окууга бир молдо келди. Баласы молодого жакын басып келип:
-Жакшысызбы?
-Ас-салааму алайкум.
-Кечириңиз. Атам мага бул носкини сол бутума
кийгизүүмдү суранган.
-Сиз мени кечиресиз. Мындай болбойт.
-Суранамын жок дебеңизчи…
-Адам кандай келген болсо, ошондой кетет бул
дүйнөдөн. Тагыраагы адам жылаңач келген, Эми ошондой узатаабыз. Мыйзамды бузбайбызда.
-Атам бирок мага.
-Өлүктү жайына коёр убакыт келди. Кечиктирбейли.
Ошентип бала атасынын өтүнүчүн аткара албады. Бала кайгырып, атасына топурак таштаарда колдору титиреп, арааң таштап жатты. Ошентип атасын чыныгы
дүйнөгө узаттып, үйүнө кайтып келди. Бала колундагы
носкини кармап олтуруп, ага кошо берген кагазды эстеп
кеттида, аны алып келип, коркуу менен ачты. Анда
кандайдыр бир жазуулар бар экен. Анда мындай жазуулар бар экен:
“Балам байлык адамды көр кылат. Муну адамдар кеч
түшүнүшөт. Көрдүңбү байлык эмес, жада калса эскирген
носкиңида бул дүйнөдөн аркы дүйнөгө алып кете албайбыз”…
Муну окууган баласы аябай кыйкырып ыйлагандан – ыйлап жатты. Аны көргөн аялы:
-Болду баары кеч, эми эч нерсени кайтара албайсын.
деди. Арадан бир жума өтпөй, бала кийинип алып, биржака жөнөдү. Келинчеги:
-Сен кайда?
-Мечитке.
-Аллахым өзү колдосун!
-Аамиинь. Рахмат.
Дедида жолго чыкты.
( Бул дүйнөдөн баарыбыз кетебиз. Аллахымды
таанып, ага сыйыналы. Ал биздин жаратуучубуз. Аллахыма шүгүр. Бизге Ушул жарык дүйнөнү берген. Болгондода Мусулман кылып жараткан. Аллахыма шүгүр.)

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!