Аралаш темада

Кичинекей кыз

Эне бөлмөгө кирип келип үч жашар кызынын колундагы
кызыл болуп бышкан эки алманы көрүп
– Кызым алмаңдын бирөөсүн мага берчи аябай жегим
келип жатат- деди. Кызы үнчыкпастан алманын бирөөсүн
тиштеп жеди да шашылып экинчисин тиштеп алып
чайнап баштады. Эненин жүрөгү муздай түштү. Эмнеге
Кызым мени менен бөлүшкүсү келбейт деп капалана
баштады. Бир убакта кызы бир жолудан тиштелген
алмалардын бирөөсүн апасына сунуп
– Апа мунусун жеңиз ушунусу таттуураак экен деди.
Эненин капачылыгы заматта тарап кетип кызын бооруна кысып көзүнө жаш алды.😢

Мына окурмандар бир нерсенин алдын ала карай чечим
чыгарбай, болуп жаткан нерсенин аягына чейин сабыр
менен карайлы.😊

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!