Эшекти кырып союшту,
Эт жебей элдер коюшту.
Эки күн тема өзгөрбөй,
Эшектер “жылдыз” болушту.
Арамдын даамын сезишти,
Ар турдуу ойлор келишти.
Аалам төрдө эшектер,
Аңгырап толуп кетишти.
Сөздөрү какшык мененби,
Сырлары каткан тереңби.
Эшекти адал дегендер,
Эшектин мээсин жегенби?..
Автор: ADILET ORNOK