Аралаш темада

Атам менен апам эч качан урушушпайт….

Атам менен апам эч качан урушушпайт…..
Уктап жаткан кыз ызы-чуудан ойгонуп кетти, кроваттан түштү да, үн чыгып жаткан бөлмөгө барды. Анын ата-энеси күндөгүдөй урушуп жатышкан, алар кызынын ойгонгонуна да көнүл буршкан жок. Ата-энесинин урушунан коркуп, бир четте аларды күзөтүп турган 7жаштагы кыз ыйлап жиберди. Адепсиз сөздөр менен бири-бирине кыйкырып жаткан ата-эне кызына маани да беришпеди:
– Сиз мен үчүн эмне кылып койдунуз?
– Очур үнүндү, баланды алып жогол бул үйдөн. Мага сен да, баланда керек эмес!
– Эмне? Баламды алып жоголоюнбу? Мейли, кетсем өзүм кетемин! Бул үйгө жалгыз келгенминби, жалгыз кетем. Бала бир меники эмес, төрөтүп койдунузбу эми эптеп багын! Аял жини чыкканча өзүнүн бөлмөсүнө кирип кетти. Кыз болсо дагы деле ыйлап жатты. Ал жаш болгонуна карабай, ата-энесине керек эмес экенин жана аларга ашыкча жүк болуп жатканын түшүндү. Кыз эмне кылышын билбей, ал да көчөгө чыгып кетишти, кайра үйүнө эч качан кайтып келбей коюну ойлоп жатты. Бирок кай тарапка барышты билбейт, бир гана билген жери, кошуна айылдагы чон энесини үйү эле.
Кыз чон энесини үйүнө баратты, ойлонгончо: – Мен ата-энеме керек эмес экенмин, чон энем мени жакшы көрөт, мени эч жака айдап жибербейт….
Ушул ойлор ичинде бара жаткан кыз жанынан чыгып калган машинени сезбей калды. Кыз жол четинде кыймылдай албай жатты, кичинекей жүзү жаш аралаш канга боёлгон . Денесиндеги оору абдан катуу болгондуктан, кыз үнүн чыгарып ыйлаганга да күчү жетпей, өзүнүн кинолордо көргөндөй көз жумушун элестетер эле.
Анын ойлогон акыркы ою ушул болчу: – “Эми атам менен апам эч качан урушушпайт”…..

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!