Ырлар

Айылдык жигитке(Тамашалуу ыр)

Айылдык жигитке(Тамашалуу ыр)

Айылыма барган кезде кокустан,
Бое, момун бир жигитке жолукам,
Сезимиме жооп бере албай негедир,
Коргум келип кетпей койду ойумдан.

Айылына алып мени кал десем,
Жерге башын салып неге кулосун?!
Коп соз айтып олтурганды жактырбайм,
Бир мучосу кылып алчы булондун;)

Кундо турлоп жоолугумду салынып,
Аккуу туспол сулуу келин болойун,
Жене дешип кайнилерим тийишсе,
Назик кулуп жооп кайтарып койормун.

Кызы болом сенин апан мактанган,
Арты болом абысынды шанданткан.
Сен бир жонун айтып койчу болгону,
Ары бери эрчитпестен артындан.

Такыр мага конул болбой озунчо,
Эртели кеч алек болуп мал менен.
“Моо-о”-дегенден башка созду билбеген,
Сенин ошол кара уйунча жок белем:-(

Тойубуздун кылып айыл четинде,
Алсак бата бут айылдын элинен.
Лимузиндин деле жок го кереги,
Келсе болду кара эшегин анан сен..

Эн бактылуу тугойлордон болобуз,
Сен Шуриксин а тугойу Нина мен))

Гулина Жайнакбек кызы

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!