Анекдот - кыргызча

Сексендеги абышка дуконго келип, сатуучуга кайрылат: -Мага жакшыраак эки костюм сатчы? -Сиз сексен жаштасыз, бироосун эле алыныз, омурунуздун аягына чейин жетет. -Бироону озумо, бироону атама берем. -Кандайча? Эгер сиз сексенде болсонуз, анда атаныз 100-105 жаштабы? -Ооба туура айтасын. Биз атам экообуз чон атамдын тоюнда жакшыраак кийинип баралы деп чечтик. -Ииий атаныз 105те болсо, чон атаныз жуз отуздабы, ал уйлонойун деп атабы? -Озу деле каалаган жок, ата энеси кыйнап жатат…

Окуутучу бир окуучу кызды
ата энесине алып барды . Бул
кызынар сабак убагында
одноклассникте олтурат. Кыз;
жок однок.нике киргеним жок.
Окуутучу ; калп айтпа сабак
убагында статусума класс
бастынго

мен баарын билем!
Бир балакай чоңдордун
баарында эч кимге айтпаган
бир сыры сөзсүз болот деп
ойлойт да муну текшерип
көргүсү келет. Апасына:
— Апа, мен баарын билем!
Көзү алая түшкөн апасы:
— Түшүндүм. Ме могу 100 сомду
ал да, атаңа эч нерсе айтпа!
Кубанычы койнуна батпаган
балакай атасына келет да:
— Ата, мен баарын билем!
Коркуп кеткен атасы:
— Болуптур оозуңдан сөз
чыкпасын. 200 сомду ал да,
апаңа айтчу болбо!
Аңгыча эшикти бирөө кагып
калат. Бала эшикти ачса
почтальон турат. Анда бала:
— Почтальон байке, мен эми
БААРЫН билем!
Почтальон тизелей калып
колдорун жая:
— Айланайыным, ырас билген
болсоң, келчи атакең сени бир
кучактасын!

Дос балдар баары чогулушуп отурушса эле анекдот айтып каткыра беришет. Бир күнү аяштары, достору баары чогулуп майрамдап отурушканда анекдот айтышып “анекдот №5” десе баары кулап калат. Анан бурчта отурган бирѳѳсү анекдот №39 десе дагы баары каткырып жыргап калышат. Чет ѳлкѳдѳн келген досу түшүнбѳй “ай, силер эмне күлүп жатасыңар” дейт. Аны укпай эле бою кичинекей бир досу анекдот № 18 десе досторунун баары жабылып тиги кичинекей баланы сабап киришет. Түшүнбѳй калган чет ѳлкѳдѳн келген жигит “ай, эмне болуп кетти” десе жанындагысы “мындай уят анекдотторду аялдарыбыз менен чогуу отурганда айтпайбыз деп суйлѳшкѳнбүз да!

Бир кызга 3 жигит орус,кыргыз, казак куда түшүп барышат. Орус жигит ромашка гүлүн алып келет. Кыз жигиттерди сынап көрүү максатында, гүлдү жешин суранат. Орус жигит жеп койот. Кыргыз роза көтөрүп келет. Кыз кайра эле гүлдү жешин өтүнөт. Күлүп да, ыйлап да жеп жаткан кыргыз жигитке таң калган кыз: -Эмне ыйлап жатасың? -Тикенектери сайат экен. -А, эмне күлүп жатасың? — Артымдан келе турган казак кактус көтөрүп келе жаткан.

Ташмат короосунда самогон кайнатып атып, суу алганы кудукка барып келгенче, эки милиция пайда болот: -Ии, самогон кайнатып жатабызбы? Түшүнүк кат жаз! -Эмне деп жазам? -Болгонун болгондой жаз. Ташмат ары-бери жаза салып, экөөсүнө карматат. Экөө окуп жатат: “Ушшшшундай карасам короодон түтүн чыгып жатат. Өрт чыккан го деп шашып, эки чакага суу көтөрүп келе калсам, эки милиция самогон кайнатып жатыптыр”. деп жазып салыптыр.

Бир полковник, катардагы жоокер, кары аял жана жаш кыз поездде бир купеде сапарлаш болуп калышат. Поезд туннелге кирип купенин ичи көзгө сайса көрүнгүс караңгы болуп калганда чмок деген өпкөн үн, артынан эле шапак эткен чапкан үн чыгат. Туннелден чыккандан кийин:
Кары аял “азамат, жаш кыз болсо да жаактан ары укмуш чапты”- деп ичинен күңгүрөнүп башын чайкайт.
Жаш кыз “тандаганды билбеген табити жок кеңкелес ушул картаң аялдын эмнесине кызыкты, өпкөнүн тим эле,бирок аял да ырас чапты” -дейт өзүнчө.
Полковник “таңгөрү, кызды өпкөн кайдагы катардагы жоокер жаака жеген мен” деп жинденет.
Жоокер “хе-хе, жарай турган баламын да, колумду өөп полковниктин жаагын кандай кызыттырдым”.

Итибайды ит каап  алат. Абалын  начар сезген ал доктурга жө-нөйт.
— Сизди капаланта турган болуп калдым. Кутурма оорусу менен ооруп калыпсыз, — дейт дарыгер.
Оорулуу шапа-шупа стол үстүндөгү барактардан бирди алып, шашкалактаган боюнча жаза баштайт. Доктур:
— Кое туруңуз, кайгырбаңыз, керээз жазууга али эрте, мен сизди сакайтам.
— Бул керээз эмес, — дейт кимдир бирөөгө жини келгендей тиги. — Сиз мени сакайтканга чейин кимдерди тиштешим керектигин тизмектеп жатам!

Караңгы киргенче каякта жүрөсүң?! — дейт апасы кичинекей уулун жемелеп.
— Айылдын четиндеги бактын арасынан жыпжылаңач аял менен эркектин кубалашып жүргөнүн көрүп, кечке карап турдум…
— Кой балам, андайларды карабай жүр. Уят болот. Алар ошентип жылаңач куушуп жүрсө, анда оорулуу немелер да.
— Жок, апа, жылаңач аял оорулуу болсо болгондур, бирок эркек оорулуу эмес…
— Аны кантип билдиң? -Анткени, ал атам болчу да…

Студент:
— Агай, үч суроонун бирөөсүнө да жооп бералбайм. Акыйкат болуш үчүн мен сизге дагы үч собол узатайын. Жообун таба алсаңыз, мага «2» койосуз. Болбосо, «5». Макулсузбу?
— Сүйлөштүк.
— Акылга сыйбаган, бирок мыйзамдуу үйбүлө? Нормалдуу, ошол эле маалда мыйзамсыз жашоо? Бир эле убакта ойго келбеген, законсуз көрүнүштү айтыңызчы?
Башын тырмаган профессор аргасы жок «5» коюп, анан жообун айтышын өтүнөт.
— Маселен, — дейт анда студент. — 70 жаштан ашканыңызга карабай небереңиздей болгон аялыңыз бар. Бул акылга сыйбаган, бирок, мыйзамдуу үйбүлө. Албетте, жаш келиндин ойношу бар экендиги нормалдуу, бирок, мыйзамсыз жашоо болуп эсептелет. Ал эми мындан бирнече мүнөт мурда ошол ойношуна «5» деген бааны балчайта койгонуңуз законсуз, ошол эле маалда ойго келбей турган көрүнүш болуп атпайбы…

Бир начальник өзүнүн секретаршасын жумуштан бошотмок болот. Анда секретаршасы эч бир камаарабай туруп минтет дейт:
— Мен өзүмдүн эки дипломум менен (эки эмчегин көрсөтөт), өзүмдүн кенен кругозорум менен (жамбаштарын көрсөтөт) жана «тонкий» кесибим менен (ичке белин көрсөтөт) дайыма нан таап жейм! А сиз болсо, алдагы жупжумшак мүнөзүңүз менен (начальнигине сөөмөйүн бүгүп көрсөтөт) эч бир секретарь-кыздар менен иштеше албайсыз.

Илгери, илгери бир кан болуптур. Анын, үч баласы болуптур. Балдарынын аттары бир бирине уйкаш экен. Улуу баласынын аты- Ормон, ортончу баласыныкы – Коргон, кичүү баласыныкы – Болгон экен. Балдары күн сайын бак-дарактарды кайтарышса да, күн сайын бактан бирден алма жоголо берет.

Бир күнү баягы бак-дарактарды кайтаралы деп Ормон, Коргон, Болгон үчөө тең келсе, бир куш алманы чокуп жеп отуруптур. Балдар тор жайышып кушту кармап алышат, куш көпкө чейин талпынып жатып учуп кетет да, бир канаты калып калат. Балдар үйлөрүнө келип, атасына болгон ишти айтышып, куштун канатын атасына беришет. Канат жөн канат эмес, алтын канат болуп чыгат. Атасы ойлонуп отуруп:

— Эгерде менин балдарым болсоңор, ошол кушту таап кармап келгиле, эгер таба албасаңар кайтып келбегиле,-дейт.

Үч баласы атасынын айтканын эки кылбай, ата-энеси менен коштошуп жолго чыгышат.

Үч бир тууган жүрүп отурушуп, бир кырдын ары жагындагы сайга келип кеңешишет. Ормон улуулук кылып:

— Биз үчөөбүз бир жүрсөк эч нерсе таба албайбыз, үчөөбүз үч жол менен үч багытка: бирибиз батышка, бирибиз чыгышка, үчүнчүбүз кыбылага карап бөлүнүп кетели. Ошондо гана биз ал кушту табабыз,-деп акыл айтат.

Агасынын сөзүн макул көрүшүп, үч бир тууган үч жолго кетишет. Улуу агасы Ормон батышка, ортончусу Коргон кыбылага, кичүүсү Болгон чыгышка карап жол жүрүп кетишет.

Жүрүп отурушуп аз күндөн кийин Ормон менен Коргон кездешип чогуу жол улантышат.

Кичүүсү Болгон күнү-түнү менен жол жүрүп, үч айрык жолго келет.

Жолго көзүн салып караса: “Оң жактагы жолго түшсө өзү өлөт, сол жактагы жолго түшсө аты өлөт, туура жолго түшсө, барса келбес”-деген жазуу бар экен.

Болгон ойлонуп: “Эгер өзү өлөргө түшсөм, өзүм өлүп атым калса, барса келбеске түшсөм, барсам кайра келбесем: ата-энемди, элимди көрбөй каламбы? Аты өлөргө түшсөм, атым өлүп жөө калармын”-деп аты өлөр жолго түшөт.

Болгон жүрүп олтуруп жүрүп олтуруп бир сайга келет, сайдан бир карышкыр чыгып, баланы аттан оодарып салып, атын жара тартып жеп алат. Болгон жөө кайда барарын билбей туруп калат.

Ошентип турганда Карышкыр кайта келип, адамча сүйлөп жай сурайт. Болгон куштун канатын издеп бара жатканын, атсыз калып, эмне кыларын билбей турганын айтат. Анда Карышкыр:

— Сага убал болгон экен, алыс сапарга бара жатканыңды билбей атыңды жеп койбодумбу. Эми сен менин аркама мингин, адаштырбай керегиңди таап берейин,-дейт.

Болгон эмне кыларын билбей турганда:

— Мен сага кантип жамандык кылайын, аркама мингин,-дейт дагы Карышкыр.

Карышкыр күнү-түнү жүрүп отуруп, бир айылдын жанындагы терең сайга келет. Карышкыр Болгонду аркасынан түшүрүп:

— Тетиги турган бийик чоң ак үйгө баргын да, эшигинен кирип барсаң, үйдүн капшытында жабышып турган бир куш бар. Бирок сен кызыгып аны колуң менен сылап жүрбөгүн, оң жагыңды карасаң бурчта конуп турган кушту көрөсүң, кушту алып чыгып тез келгин. Мен сени ушул жерден күтүп турамын – дейт.

Болгон айылга барып, баягы ак үйгө кирет. Кирсе, оң жак бурчта бир куш конуп отуруптур. Болгон кушту алайын деп бара жатып үйдүн капшытында жабышып турган кушка кызыгып сылап коёт. Ошол замат карышкыр “каңк” эте түшөт. Жан жактан кайтарып тургандар жүгүрүп келишип Болгонду кармап алышат да:

— Сен мында эмне үчүн келдиң?-деп сурашат. Болгон:

— Ушул алтын кушту атам алып кел деп жиберген,-дейт. Анда кайтаруучулар:

— Сен биздин айтканыбызды алып келсең, сага бул кушту беребиз,-дешет. Болгон:

— Эмне иш тапшырсаңар да орундатамын,-дейт.

— Ушул жерден жүрүп отурсаң бир сарайга кез келесиң, ошол сарайдын ичинде күмүш жалдуу, алтын куйруктуу бир айгыр бар. Ошону бизге алып келип берсең, биз сага кушту беребиз,-дешти кайтаруучулар.

Болгон сарайдан чыгып, башынан өткөн окуяны Карышкырга келип айтат.

Карышкыр Болгонду үстүнө мингизип күнү-түнү жүрүп отуруп баягы сарайга келет. Дем алып отурушуп, Карышкыр баланы баягы күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгырды алып келүүгө жиберет. Жиберерде ал:

— Сарайга кирсең, байлануу турган күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгырды көрөсүң. Жан-жагыңа бурулбай, айгырды чечип алып, кирген жерден кайра ошол изиң менен чыккын,-дейт.

Болгон сарайга кирип, байлануу турган күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгырды көрөт. Айгырдын жанына барып сырдалган казыкка кызыгып сылап коёт. Коңгуроо шыңгырап, кароолчулар келип Болгонду кармап алышат. Кароолчулар:

— Эмне кылып жүргөн жансың?-деп сурашат. Болгон аны кароолчулар жумшаганын, күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгырды алып барса, алтын кушту аларын айтат.

Кароолчулар:

— Көк-Дарыянын жакасындагы, Көкчө Тоонун арасында тоо менен теңдешкен, сырты күмүш менен жалатылган чоң бир үй турат. Ошол үйдүн төбөсүндө жашаган бир сулуу кыз бар. Эгерде сен бизге ошол кызды алып келип берсең, күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгырды сага беребиз,-дешет.

Болгон кайтып келип, карышкырга кароолчулардын айтканын айтып берет. Карышкыр ачууланып:

— Айткан тилди албайсың, аркама мингин!-деп баланы аркасына мингизип жүрүп кетет.

Күнү-түнү жүрүп олтурушуп, жүрүп олтурушуп Болгон менен карышкыр, Көк-Дарыянын жакасына, Көкчө Тоонун арасына келип жетет. Карышкыр Болгонго карап:

— Сен ушул дарыянын жанындагы тоонун этегинде күтүп тургун. Эки жолу барып, эч нерсе алып келе албадың, эми мен өзүм барам,-дейт.

Ошентип кызды алып келүүгө карышкырдын өзү кетет. Карышкыр баягы жерге барса, кароолчулар айткан үй турат. Үйдүн төбөсүнө чыкса, кыз уктап жатыптыр. Эч нерсе сездирбестен кызды сандыгы менен көтөрүп, жерге түшөт дагы Болгонго келет. Карышкыр кыз менен баланы аркасына мингизип, күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгыр турган сарайга келишет. Карышкыр Болгонго:

— Мен азыр кыз болоюн, ээрчитип баргын,-дейт.

Болгон макул болуп, баягы күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгыр бар жерге келишет. Жолдо келе жатканда карышкыр: “Сен мени таштап, күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгырды алып кете бергин. Эгерде чайга отур дешсе, отурбагын. Мен силерди кууп жетем”,-дейт.

Болгон баягы Карышкыр айткандай кылып, күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгырды, алып, кыздын жанына келет.

Бир канча убакыт өткөндөн кийин карышкыр келет. Күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгырды алып, куш отурган сарайга келишет.

Ошондо карышкыр:

— Мен азыр күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгыр бөлоюн, мени минип бар дагы берип, кушту алгын,-дейт.

Болгон баягы карышкыр айткандай күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгырды, алтын канаттуу кушту алып кыздын жанына келет. Андан бир аз өткөндөн кийин Карышкыр жүгөнүн шыпырып, билдирбестен сарайдан чыгат да, кыз менен Болгонго келет.

Экөөнү бир топ жерге узатып келип:

— Мен эми бул жерде каламын, менин айткан сөзүмдү уксаң үйүңө аман барасың. Сага жолдон эки коркунуч кездешет. Биринчиси күн абдан ысык болгондо суусарсың. Баратканда алдыңдан бир өзөн суу жолугат, канчалык суусасаң да суудан ичпегин. Андан өтүп уктагың келет, түбү чөп, салкын, бир ак терек бар, ал актеректин түбүнө уктабагын. Уктасаң соо болбойсуң. Менин ушул эки сөзүмдү аткарсаң, үйүңө аман барасың,-деп акылын айтат. Карышкыр аларды жолго салып коштошуп, өз жайына кетет.

Болгон кыз менен бир күн, бир түн жүргөндөн кийин күн аябай ысык тиет. Болгон аябай суусайт. Ошондо “сууну кайдан из-деп табамын”-деп ойлоп келатканда алдынан өзөн суу агып жатканын көрөт. Болгон атын сугарып, өзү да ичмекчи болот. Бирок, кыз Болгонго суу ичирбей коет. Ал өзөндөн өтүп жүрүп кетишет.

Андан кийин Болгондун суусаганы басылып, чарчап уктагысы келет. Ошентип келе жатканда алдынан бир чоң ак терек кездешет. Болгон ошол теректин түбүнө эс алып жаткысы келет. Кыз каршы болот, бирок кыздын сөзүнө кулак салбай, Болгон атын тушап, жамбаштап жатып, көзү илинип кеткенин билбей калат.

Болгон чочуп ойгонсо, эки көзү жок, үңүрөйгөн орду гана калган. Эки жагын сыласа кызы да, аты да жок. Эмне кылар айласын таппай отуруп калат.

Бир аздан кийин баягы карышкыры келип:

— Менин айткан тилимди албай көзүңдөн айрылдың,-деп бир ууч топурак менен көзүнүн ордун укалап, айыктырып коёт. Болгон окуяны карышкыр угуп мындай дейт:

— Ашыгыңды, кушуңду, атыңды табабыз, кел, аркама мингин – деп баланы аркасына мингизип алып, желмогуз кемпирди издеп жолго чыгат.

Кырлардан, белестерден, ашуулардан, токойлордон, чоң суулардан өтүп, бир кошко кирип келет. Болгондун көзүн ойгон желмогуз кемпирди ошол жерден карышкыр таап берип:

— Кыз менен күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгырды, кушту тапкын же сени азыр жеймин,-деп кемпирди коркутат. Ошондо кемпир калтырап:

— Карышкыр, Карышкыр, менин жанымды калтыргын. Кушту дагы, кызды дагы, күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгырды дагы тиги суунун жакасындагы калың камыштын арасына барсаңар табасыңар,-дейт.

Кемпирди эки бүктөп отко салып өрттөшүп, кемпирдин баласын издеп жөнөшөт.

Бир нече күн жол жүрүп, суунун жакасына барып карашса, асман тиреген бир үй турат. Үйгө киришип, кызды табышат. Кыздан желмогуз кемпирдин баласын сурашат. Ошондо кыз:

-Энесин өлтүргөндү угуп, желмогуз кемпирдин баласы жумуртка болуп кубулуп, алтын куштун астында, камыштын арасындагы уясына кирип коркуп жатып калды,-дейт.

Карышкыр менен Болгон камыштын арасынан уяны таап, алтын куштун алдын аңтарып жумуртканы көрүшөт. Болгон жумуртканы алып, колу менен кыса баштаса, желмогуз кемпирдин баласы:

— Өлтүрө көрбө, коломтодогу күлүң болуп берейин,-деп жалынат.

Анда карышкыр:

— Калп эле жалына бербегин, желмогуз, тукумуна жана элге кайрымы жок,-деп катуу кармап жиберсе, ошол жерде жаны экен, сулап жатып калат. Кушту, кызды, күмүш куйруктуу айгырды алып, андан кийин Карышкыр Болгонду адашпай тургандай кылып жолго салып жиберет. Коштошордо Болгон Карышкырга мындай дейт:

Сен мага аябай кайрылышып, жакшылык кылдың. Адашканда жолго салдың, жүр мени менен конок болуп кеткин. Үйдөн эмне кааласаң ошону алгын,-дейт. Бирок, Карышкыр макул болбой:

— Кысылган жерде керек болор,-деп жүнүнөн жулуп,-керек болсом ушунун бир кылын жулуп түтөтсөң, мен даяр боломун,-деп убадасын берет.

Андан кийин кош айтышып, Болгон элине жүрүп, Карышкырда өз жайына кетти.

Ата-энеси баласынын келгенине кубанып, алып келген кызына үйлөндүрүп, элиндеги жаш, карынын бардыгын чакырышып, отуз күн оюн, кырк күн той өткөрөт.

Бир күнү бала аң уулап, куш салып талаада жүрүп, күндүн өткөнүн, кечтин киргенин билбей калат. Караңгыд адашып, жол таба албай жүрсө, бир желмогуз кемпир жолугуп:

— Издегеним сен элең, сиңдимдин баласын өлтүрүп мага кылган кордугуң аз эмес. Мына азыр мен да сага кордукту көрсөтөмүн,-деп тишин шакылдатып, Болгонго умтулат. Болгон атын сабап качып жөнөйт. Нечен кырларды басып, тоолорду ашып, “Эми кутулдум го” деп артын караса, кемпир жетип калыптыр.

Болгон дагы чу коюп жөнөйт. Жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп астындагы аты жүрбөй эмне кыларын билбей, шаштысы кетип, эси ооп турганда баягы Карышкырдын жүнү эсине түшөт.

Болгон карышкырдын жүнүн күйгүзөт, ошо замат Карышкыр пайда болот. Аңгыча тишин кайрап баягы желмогуз кемпир да жетип келет.

Болгон Карышкырга:

Жанымды жакама келтирип, мени кысып коркуткан ушул,-деп желмогуз кемпирди көрсөтөт.

Карышкыр кемпирди өлтүрүп, Болгонду ажалдан аман алып калат. Болгон Карышкырга алкыш айтып, үйүнө конокко чакырат. Карышкыр конокко барбай, башыңа кыйынчылык иш түшсө чакыр деп, коштошуп жолуна түшөт. Ошентип Брлгон ажалдан кутулуп эли кашында, бак-дөөлөтү башында болуп муратына жетиптир.

Абышка менен Дөөт
Илгери кедей абышка ар кимдин ишин иштеп, эптеп оокат өткөрчү экөн. Бир күнү жолдон жумуртка таап алды. Андан ары барса дөө жолукту. Абышка деөдөн аябай коркуп, бирок ошол замат амал ойлоп:

— Эң сонун болду, сени таап кел деп, кудай мага тапшырды эле, издеп жүрүп чарчадым, — деди.

— Кудай мени эмне кылат экен, биле алдыңбы? — деп сурады дөе, шаштысы кетип.

Абышка дөөнүн коркконун сезип:

— Кудай өзүнө алтын сарай салдырат экен. Ошонун ылайыктуу устуну жок болуп жатат. Ага сен ылайыктуу экенсиң, ылдам жүр, кечигип калдык, — деди.

Абышканын айтканына анчалык ишенбей, дөө муну менен сынашып көрмөк болду. Куу тобулгунун сары суусун чыгара кармаш үчүн убада кылышты. Дөө куураган тобулгуну бычырата кармады эле, суу чыккан жок. Кезек абышкага келип, колундагы жумуртканы тобулгу менен кошо кармаганда жумуртка жарылып, сары суу агып кетти.

Муну көргөн дөө абышкадан чындап эле коркуп:

— Айланайын абышка, ырайым кылып мени бошот, азырынча муну ала тур, — деп ат башындай алтын берди.

Абышка алтынды алып:

— Мейли эми, дөөнү издеп таппадым деп, кудайга айтып коёюн, — деди да, өз жолуна түштү.

Коен менен аюу алтын таап алышып талаша кетишет.
Анда аюу айтат:
— Кел, бир-бирибизди тумшукка урушалы. Кимдин тиши көп күбүлсө, ошол куржалак калат. Коен аний дебейт. Биринчи коен муштайт.
— Канча тишиң ыргыды?
— Бир эки, үч… алты.
Экинчи аюу муштайт.
— Канча?
— Төйт.
— Кандайча төрт? — деп аюу туталанып кетет.
— Меники болгону төйт эле тис болчу, — дептир коен оозу канжаласа да кубанганын жашыралбай.

Айылдык оорууканалардын бироосуно жогорудан текшеруу келип калат. Оорулуулар жаткан палатага кирип биринчи больнойдон сурайт текшеруучу:- сиздин кайсы жериниз ооруйт ? Больной: мен, алигии… Сифилис.. Текшеруучу:- кантип даарылап жатышат? Больной:- уч маал иод койушат. Текшеруучу:- жалобунуз жокпу? Больной: -жалоб жок. Текшеруучу экинчи больнойдон:- а сиздин кай жериниз ооруйт? Больной:- меники геморрой балам. Текшеруучу:- кантип даарылап жатышат? Больной:- уч маал иод койушат. Текшеруучу:- жалоб жокпу? Больной: — Жоок балам жок. Текшеруучу учунчу больнойго келип: -сизде кандай акыбал, кайсыл жериниз ооруйт? Учунчу больной:- э менин ангинам ооруйт. Текшеруучу: — кантип дарылап жатышат? Больной:- уч маал иод коюшат мага да. Текшеруучу:- жалобунуз жокпу? десе больной:- о бар да жалоб, бар. Текшеруучу: кандай жалобунуз бар? Больной: Тиги догдурду айткылачы иод койгондо же пактасын алмаштырсын, арбирибизге жанылап, же иод койгонду биринчи менден баштасын.

Орус кыргыздын үйүндө конокто

Бир заманда орус менен кыргыз корүшүп, Орус кыргызча, кыргыз орусча билбейт экен. Бир күнү кыргыз орусту үйүнө коноко чакырыптыр. Орус кыргыздын үйүнө келип дасторкондон эч нерсе жебей отуруптур. Кыргыз «уялбай жей бер» дегенди кандай айтарын билбей,
оруска «ешь, ешь как тебе не стыдно» дептир.
Орус андан сайын эч нерсе жебей, бир ордунда отура бериптир.
Кыргыз ойлоптур «мүмкүн буга кой союп бериш керек деп». Аны кандай айтарын билбей оруска «я тебя как барана зарежу» дептир. Орус ордунан тура салып качып бара жатса. «Ары-бери өткөндө келип тур» дегенди кандай айтарын билбей ,
качып бара жаткан оруска «туда-сюда пройдешь, все равно поймаю» дептир…

ОСУРАК»

Бугунку сабагыбыздын аты «ОСУРАК». Бул осурак дегенибиз арткы тешик аркылуу чыга турган жагымсыз жыт. Осурбаган жан жок. Жаны бардын жели бар. Осургандын 2 туру бар. Ундуу жана унсуз. Ундуу осуракты жалгыз калганда коюп жиберсен болот. Копчулуктун ичинде ундуу осурак колдонулбайт. Унсуз осурак каалаган убакытта, каерде болбосун колдонула берет. Адамдын ичине жел толгонуна байланыштуу ошондон осурак пайда болот. Осурганда ич бошоп рахат аласын. Аларда осурак 2ге болунот. Жыттуу жана жытсыз. Негизи осурганда от жагып турсан, арткы тешиктен осурак газ болуп чыгат. Осура бергендин эч зыяны жок, пайдасы гана болбосо. Аларда пайдасы болгону менен айлана чойрого зыяны тиет. Жагымсыз жыттан адамдар кача баштайт. Осуруп жатып чычыпда койгондор бар. Ошондуктан осурганда абайланыздар. Осур, осур жана осур деп ЛЕНИН атабыз айткан, тартынбай осура бергиле урматтуу туугандар

Студент практикада

студент эми эле биринчи жолу практикага бир гаишник менен жолго чыгат. жолдо машиналарын жашырышып
жанагы студентке гаишник палканы карматып барып машиналарды тос дейт да озу эс алып олтурат омурундо тосо элек жолго чыгып
бироосун тосуп тартип бузулгандыгын тушундурот жини келген айдоочу:
— на собака деп 100 доллар берип кетип калат эч нерсени
тушунбогон студент жанагы гаишниктин алдына келип баарын тушундурот да ушуну берди деп айтат, аны коруп гаишник айтат:
-аааа это я собака, а ты пока щенок деген экен…..

Конок тойбодум дебейт, сойбодуң дейт.

Алыстан конок болуп келген жолдошуңа, эки — үч жилик эт салып берсең, ага деле тойот, тойбодум дебейт. Бирок «Кардыма таарынбайм, кадырыма таарынам» деп, «эмне үчүн ат арытып алыстан келсем бир козу сойгонго жараган жоксуң» деп айтары анык. Макалдын мааниси ушул жагдайда чечмеленет.

Сүт менен бүткөн, сөөк менен кетет.
Макалдын мааниси
Эне сүтү менен бүткөн кыял-жорук, жакшы-жаман адаттар ошол адам өлгөндө гана сөөгү менен кошо кетээри анык. Анткени, перзент энеси менен киндиги бирге болуп, тогуз ай эненин курсагында жатып, эки-үч жашка чейин энесинин эмчегин ээмп, эне сүтү менен калыптанып, эрезеге жеткен баланын кыял-жоругу эненин сүтүнө байланыштуу.

Негрлер жана сыйкырчы

10 негр адам бир сыйкырчыны кармап алышыптыр,
Ар бирибиздин бирден тилегибизди аткарсаң сени койоберебиз дешет экен.
Сыйкырчы неглердин сунушуна макул болуптур.
1-негр:
— Мени негр эмес, ак (монголоид, европоид) адам кылып кой дейт экен.
сыйкырчы анын тилегин аткарып аны ак адам кылып коет экен.
Онунчу катарда турган негр каткырып күлө берет экен.
2-негр:
— Мени негр эмес, ак (монголоид, европоид) адам кылып кой дейт экен.
сыйкырчы анын тилегин аткарып аны ак адам кылып коет экен.
Онунчу катарда турган негр каткырып күлө берет экен
….
….
сыйкырчы тогузунчу негрдин тилегин аткарып аны ак адам кылып коет экен.
кезек 10-негрке келиптир, 10-негр тилегин айтат экен:
— Алардын баарын кайра негр кылып кой

Боксер

Бир боксер маанилуу мушташ алдында ооруп ооруканага жатып калат. Айласы кеткен тренери эптеп айла табыш керек деп, ордуна башка бирөөнү издеп жөнөйт. Издеп жүрүп эт комбинаттан уй сойгон касапчыга жолугат да ага жалдырайт. Эптеп эле 12 раунд туруп берип койсоң, коп акча аласын деп. Тиги касапчы макул болот.
Мушташ башталат… 1 РАУНД. туруштук берек. 2..3..4.. РАУНД.
11 РАУНД бүткөндө бети-башы бүт канап, аябай токмок жейт.
Тренери келип:
-Эми бир раунд чыдап койсон болду…
Анда касапчы:
-Тренер мен деле чапсам болобу?
-Ой болот, чапканды билесинби? десе
12 раунд башталганда тиги атаандашын бир уруп нокаутка кетирет. Көрсө уйларды бир уруп өлтүрүп анан сойчу экен да.

Туулган күнүң менен

Жигит түн жарымында, аябай таттуу уктап жатканда бирөө телефон чалып, уйкусун бузат. Жигит уйкусунун бузулганына аябай ачууланып телефонун караса, апасы чалып жаткан болот. Апасына жини келип кыйкырып:
-Эрте менен деле чалсаң болот эле го, түн жарымында уйкуну бузбай, дейт.
Анда апасы капа болгон, мунайыңкы үнү менен:
-Уулум, мындан толук 18 жыл мурун, түн ортосунда, так ушул мүнөттө, сен да менин уйкуму бузуп дүйнөгө келгенсин, туулган күнүң менен, деп телефонун өчүрүп коет.

Энелерди барктай билели, сыйлай билели.

Экзамен журуп жаткан учур, мугалим студенттерден сурап жатат:
-Экзаменге даярсынбы?
-Даярбыз
-Анда эмесе, билетте эки суроо гана берилет, эки суроого так жооп берсенер, экзаменден отосунор! Кана киминер даярсынар?-деп мугалим экзамен ала баштайт. ангыча адырандап Акматов канат доскага чыгат.
мугалим:
-Фамилиян ким?
-Акматов.
-Атын ким?
-Канат.
Канат суйунуп кол чаап жиберет.
Мугалим канатты карап тан калып:-Сага эмне болду?.. Аябай суйундун го
-Кудайым буйруса, эки суроого тен жакшы жооп бердим. Эжей мен экзаменден оттум да- деген экен

Бир семиз, бир арык чымындар суйлошуп атышат:
Арыгы:
-ого.. семизидигин укмуш ко… кимдикинде жашайсын?
-Министрдикинде. Тамагына конуп койсом эле, тамактын баардыгын тогуп коет. Ошону жеп эле семире берем.
-Озунчу мынча тыртайып арыксын?
-Сеники жыргал экен. Мен студенттердин общагасында жашайм. алардын тамагына тушуп кетсем, мени кошо жутуп ала жаздашат анан озунан мени жалап-жуктап жерге таштап салышат.

Тамашалуу анкета :
Билиш-сенкета
Туулган жылы — илгери, чоң атасы пенсияга чыккан жылы, алашалбыртта төрөлгөн
Уруусу — сол канаттын жыгачабар деген уругунан
Санжырасы — токсон тогуз атасын билет жана сүйлөшүп турат
Атактуу аталары ким — алтымыш атасы Баатыр болгон, отуз атасы Олуя болгон, алты атасы манап, бир атасы жалчы, бир атасы камунис, өз атасы алиментчи болгон
Үйбүлөсү — биринчи катынынан үч кыз, экинчи катынынан эки кыз, үчүнчү катынынан үч аборт, төртүнчү катынынын боюнда бар
Ишенгени — катынынын курсагы
Ишенбегени — УЗИачыктын көргөзгөнү
Кызыкканы — үч катынынын кийинки күйөөлөрү
Таң калганы — биринчи катыны эгиз эркек төрөгөнү
Күйүнгөнү — экинчи катыны удуу-удаа эки уул тууп салганы
Сүйүнгөнү — үчүнчү катыны такыр төрөбөй калганы
Жактырбаганы — айылөкмөт
Жактырганы — айылөкмөттүн аялы
Саясатчысы — Ленин

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!