Анекдот - кыргызча

Дос балдар баары чогулушуп отурушса эле анекдот айтып каткыра беришет. Бир күнү аяштары, достору баары чогулуп майрамдап отурушканда анекдот айтышып “анекдот №5” десе баары кулап калат. Анан бурчта отурган бирѳѳсү анекдот №39 десе дагы баары каткырып жыргап калышат. Чет ѳлкѳдѳн келген досу түшүнбѳй “ай, силер эмне күлүп жатасыңар” дейт. Аны укпай эле бою кичинекей бир досу анекдот № 18 десе досторунун баары жабылып тиги кичинекей баланы сабап киришет. Түшүнбѳй калган чет ѳлкѳдѳн келген жигит “ай, эмне болуп кетти” десе жанындагысы “мындай уят анекдотторду аялдарыбыз менен чогуу отурганда айтпайбыз деп суйлѳшкѳнбүз да!

∗∗∗∗∗∗∗∗∗∗

Бир кызга 3 жигит орус,кыргыз, казак куда түшүп барышат. Орус жигит ромашка гүлүн алып келет. Кыз жигиттерди сынап көрүү максатында, гүлдү жешин суранат. Орус жигит жеп койот. Кыргыз роза көтөрүп келет. Кыз кайра эле гүлдү жешин өтүнөт. Күлүп да, ыйлап да жеп жаткан кыргыз жигитке таң калган кыз: -Эмне ыйлап жатасың? -Тикенектери сайат экен. -А, эмне күлүп жатасың? – Артымдан келе турган казак кактус көтөрүп келе жаткан.

∗∗∗∗∗∗∗∗∗∗

Ташмат короосунда самогон кайнатып атып, суу алганы кудукка барып келгенче, эки милиция пайда болот: -Ии, самогон кайнатып жатабызбы? Түшүнүк кат жаз! -Эмне деп жазам? -Болгонун болгондой жаз. Ташмат ары-бери жаза салып, экөөсүнө карматат. Экөө окуп жатат: “Ушшшшундай карасам короодон түтүн чыгып жатат. Өрт чыккан го деп шашып, эки чакага суу көтөрүп келе калсам, эки милиция самогон кайнатып жатыптыр”. деп жазып салыптыр.

∗∗∗∗∗∗∗∗∗∗

Бир полковник, катардагы жоокер, кары аял жана жаш кыз поездде бир купеде сапарлаш болуп калышат. Поезд туннелге кирип купенин ичи көзгө сайса көрүнгүс караңгы болуп калганда чмок деген өпкөн үн, артынан эле шапак эткен чапкан үн чыгат. Туннелден чыккандан кийин:
Кары аял “азамат, жаш кыз болсо да жаактан ары укмуш чапты”- деп ичинен күңгүрөнүп башын чайкайт.
Жаш кыз “тандаганды билбеген табити жок кеңкелес ушул картаң аялдын эмнесине кызыкты, өпкөнүн тим эле,бирок аял да ырас чапты” -дейт өзүнчө.
Полковник “таңгөрү, кызды өпкөн кайдагы катардагы жоокер жаака жеген мен” деп жинденет.
Жоокер “хе-хе, жарай турган баламын да, колумду өөп полковниктин жаагын кандай кызыттырдым”.

∗∗∗∗∗∗∗∗∗∗

Итибайды ит каап  алат. Абалын  начар сезген ал доктурга жө-нөйт.
– Сизди капаланта турган болуп калдым. Кутурма оорусу менен ооруп калыпсыз, – дейт дарыгер.
Оорулуу шапа-шупа стол үстүндөгү барактардан бирди алып, шашкалактаган боюнча жаза баштайт. Доктур:
– Кое туруңуз, кайгырбаңыз, керээз жазууга али эрте, мен сизди сакайтам.
– Бул керээз эмес, – дейт кимдир бирөөгө жини келгендей тиги. – Сиз мени сакайтканга чейин кимдерди тиштешим керектигин тизмектеп жатам!

Предыдущая страница 1 2 3 4 5 6 7Следующая страница

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!