Анекдот - кыргызча

Караңгы киргенче каякта жүрөсүң?! – дейт апасы кичинекей уулун жемелеп.
– Айылдын четиндеги бактын арасынан жыпжылаңач аял менен эркектин кубалашып жүргөнүн көрүп, кечке карап турдум…
– Кой балам, андайларды карабай жүр. Уят болот. Алар ошентип жылаңач куушуп жүрсө, анда оорулуу немелер да.
– Жок, апа, жылаңач аял оорулуу болсо болгондур, бирок эркек оорулуу эмес…
– Аны кантип билдиң? -Анткени, ал атам болчу да…

∗∗∗∗∗∗∗∗∗∗

Студент:
– Агай, үч суроонун бирөөсүнө да жооп бералбайм. Акыйкат болуш үчүн мен сизге дагы үч собол узатайын. Жообун таба алсаңыз, мага “2” койосуз. Болбосо, “5”. Макулсузбу?
– Сүйлөштүк.
– Акылга сыйбаган, бирок мыйзамдуу үйбүлө? Нормалдуу, ошол эле маалда мыйзамсыз жашоо? Бир эле убакта ойго келбеген, законсуз көрүнүштү айтыңызчы?
Башын тырмаган профессор аргасы жок “5” коюп, анан жообун айтышын өтүнөт.
– Маселен, – дейт анда студент. – 70 жаштан ашканыңызга карабай небереңиздей болгон аялыңыз бар. Бул акылга сыйбаган, бирок, мыйзамдуу үйбүлө. Албетте, жаш келиндин ойношу бар экендиги нормалдуу, бирок, мыйзамсыз жашоо болуп эсептелет. Ал эми мындан бирнече мүнөт мурда ошол ойношуна “5” деген бааны балчайта койгонуңуз законсуз, ошол эле маалда ойго келбей турган көрүнүш болуп атпайбы…

∗∗∗∗∗∗∗∗∗∗

Бир начальник өзүнүн секретаршасын жумуштан бошотмок болот. Анда секретаршасы эч бир камаарабай туруп минтет дейт:
– Мен өзүмдүн эки дипломум менен (эки эмчегин көрсөтөт), өзүмдүн кенен кругозорум менен (жамбаштарын көрсөтөт) жана “тонкий” кесибим менен (ичке белин көрсөтөт) дайыма нан таап жейм! А сиз болсо, алдагы жупжумшак мүнөзүңүз менен (начальнигине сөөмөйүн бүгүп көрсөтөт) эч бир секретарь-кыздар менен иштеше албайсыз.

∗∗∗∗∗∗∗∗∗∗

Коен менен аюу алтын таап алышып талаша кетишет.
Анда аюу айтат:
– Кел, бир-бирибизди тумшукка урушалы. Кимдин тиши көп күбүлсө, ошол куржалак калат. Коен аний дебейт. Биринчи коен муштайт.
– Канча тишиң ыргыды?
– Бир эки, үч… алты.
Экинчи аюу муштайт.
– Канча?
– Төйт.
– Кандайча төрт? – деп аюу туталанып кетет.
– Меники болгону төйт эле тис болчу, – дептир коен оозу канжаласа да кубанганын жашыралбай.

Предыдущая страница 1 2 3 4 5 6 7Следующая страница

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!