Анекдот - кыргызча

Өрт өчүргүч

– Байкуш үчүнчү кабатта жашаган Эшмат өтүп кетиптир.
Эмне болуп өтүп кетиптир?
– Тамеки тартам деп үйүн өрттөп алыптыр.
– Ии байкуш күйүп калыптырбы?
– Жок, өрт өчүргүчтөргө телефон чалып кийин терезеден секириптир.
– Анда үчүнчү кабаттан жерге түшүп калыптырбы?
– Жок, Эшмат терезеден секиргенде өрт өчүргүчтөр келип палатка тосконго үлгүрүп калышыптыр, палаткага түшүп күүлөнүп кайрадан күйүп жаткан үйүнүн терезесинен кирип кетиптир.
– Күйүп өлүптүрбү?
– Жоок, Эшмат экинчи жолу чуркап келип терезесинен секириптир.
– Экинчисинде палаткага түшпөй жерге түшүп калыптырбы?
– Жоок, секиргенде жерге түшпөй телефондун кабелине илинип калып, жаанын аткан огундай болуп кайрадан күйүп жаткан үйүнүн терезесинен кирип кетиптир.
– Ой деги айтчы эмне болуп өлүптүр?
Эшмат өрт өчүрүүгө тоскоол боло бергени үчүн өрт өчүргүчтөр атып өлтүрүшүптүр. ))))
😆

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!