Дүкөндө кезек күтүп турганмын. Бир убакта алдымдагы киши осуруп койду. Уялбасын деп, укпамышка салып туруп калдым. Анан мага бурулуп:
– Үнду уктуңбу?
– Ооба.
– Демек аралыкты сактабапсын.
– Аа кечиресиз, дедим.
– Жыт келдиби?
– Ооба.
– Демек маскан да начар экен.
– Балким… кечиресиз.
– Ушу силердей адамдардын айынан коронвирус жайылып атат, деп кетип калды.
Ойлоп көрсөм эч ким мынчалык сонун түшүндүргөн эмес экен.
Кыскасы осурган ал, күнөөлү болгон мен