Аралаш темада

Кошулбаган тагдырлар!


— Данияр, сага балдарың келди…
Эшиктен үн салган апасына баш ийкеп коюп, калыбынан жазбай тура берди. Эне ойлуу терезени тиктеген уулун карап оор үшкүр¬дү:
– Даник, өзүң түшүнөсүң, ал кыз менен баары бир келечегиң болбойт. Атаң экөөбүз…
Данияр апасына кыжаалаттана бир карады. «Жайыма койгулачы» деген үнсүз каршылыкты көргөн апа артка чегине берди. Уулу өзү да, өңгө да түшүнө бербеген белгисиз жашоого баш урган сыяктуу. Мурункудай достору менен көңүл ачуу¬ну, кино, дискотекага баруу дегенди унуткан. Анын себебин билип туруп билмексенге салат курган апа¬сы. Анан кантсин, көзүнө баскан жалгыз уулу. «Баарыбыз эле жаш болуп көрбөдүк беле. Бул деле утурумдук кумарлануу. Кийин өзү түшү¬нөт… Ал дудук кыз менен жашай ал¬ба¬сын өзү деле түшүнүп тургандыр…»
Ушинтип ойлогон апасы эшикти акырын жаап койду.
Сырттан дагы эле көзүн албай карап турду Данияр. Кыз менен тээтиги көрүнүп турган жолдон таанышкан. Ар дайым ошол эки ача кеткен жолго чейин узатып келип, анан экөө эки жакты көздөй кетээр эле.
Ошол күнү кечкурун адатынча үйдү тегерене чуркап келе жаткан. Асфальт жол тар болгондуктан, күтүүсүздөн катарлаш бара жаткан кызды жөөлөп кетти. Колунда чакан баштыгы бар, көгүш спорттук күрмө шым кийген бойлуу кыз чочуганынан четке чыга калды.
– Кечириңиз, мен байкабай калдым.
Адатта мындай олдоксондукка жини келип урушуп кетишет эмеспи. Данияр да качан кыз ашатып сөгүп жиберээр экен дегендей күтүп калды.
– Кечиресиз…
Таңкалыштуусу кыз үн каткан жок. Колунан түшкөн жашылчаларын теришип жаткан жигитти карап, сыпайы гана жылмайып койду. Данияр бейтааныш кызга көз жүгүртө берди. «Сулуу кыз экен» деп алды жүрөгү дүкүлдөп.
– Караңгыда жалгыз жүргөндөн коркпойсузбу?
– …
– Мен сизди жеткирип коёюн…
Кыз жооп бербей өз алдынча адымдай берди. «Эмнеге жооп бербейт?» деп ойлоду жигит. Же жактырбай жатканын же кыз кылыгы кылып жатканын биле албай кыздын катарында кете берди. Көп кабаттуу үйлөргө жетээринде гана Даниярдын колунан сумкасын алып «рахмат» дегендей баш ийкеп коюп кете берди.
– Токтосоң, атың…
Бул суроо да жоопсуз калды.
Эртеси окуусуна шашып бара жаткан Даниярдын бутун троллейбустан түртүшүп жатып кимдир бирөө шиш такасы менен басып кетти. Эти ооруганынан оозунан орой сөз чыгып кеткен Данияр артына кылчая берип өзүн күнөөлүү караган кызды көрө койду. Кечээги бейтаныш кыз… Ошол замат бүр¬көлгөн кабагы жазыла сүйлөп жибергенин байкабай калды.
– Ой, сиз белеңиз?..
Кыз адатынча муңайым жылмайып койду да, түртүшкөн элдин шары менен ары жылды. Жалдырай караган өзүн капарына албагандай терс бурула берген кыздын бул жоругуна Данияр бир чети намыста түштү. «Мен таанышам, бүгүн артынан ээрчип жүрсөм да таанышам» ушинтип көжөлгөн Данияр кыздын аркасынан калбай ээрчип алды. Кыз түшкөн аялдамадан түшүп алып артынан жөнөдү.
Кыздын басыгы бир калыпта. Артынан келе жаткан Даниярды байкаган да жок. Бир маалда караанын үзгөн кыз имерилип бир имаратка кирип кетти.
Артынан келип ачылган эшиктен шыкаалаган Данияр кызга мээримдүү кайрылган орус аялдын үнүн укту.
– Элизочка, сенин заказдарың келди.
Жай башын ийкеген кыз ордуна өтүп, фартугун белине байлады да, ишке киришти. Тикесинен тик туруп башын сол жагына кыйшайта кистисин эптүү кармаган кыз бейкапар сүрөт тартууда. Кыздын өңүн уурдана тиктеген Даниярдын башы тумандай артка кайтты. Ошондон баштап кыздын баскан изин аңдуу Даниярдын илдетине айланды.
– Чоң кыз, токточу.
Кыз Даниярдын добушун угуп, адатынча басып кете албай майышып токтоду. Алдында турган жигитти мөлтүрөй караган кыздын көздөрү «Неге артымдан ээрчий бересиң? Өзүм дагы билинбей көнүп бара жаткандаймын. Кимсиң өзү?» деп жаткан эле. Кыз көңү¬лүндө өзүнө байыр ала баштаган Даниярдан кантип кутулушту билбей бушайман болуп келе жатты.
– Тигине, дудук кыз келе жатат…
– Хи-хи-хи, тиги жигиттин ээрчип алганын…
Жан жагынан угула берген бул сөздөр экөөнө тиешелүү экенин Данияр кыздын өзгөрүп кеткен өңүнөн улам билди.
– Эмне?!
Кыз терс бурулду. Артында өзүн карап турган Даниярдын көз карашын сезип бара жатты. «Укту. Эми жок дегенде жайыма коёт» деди кыздын ызалуу жүрөгү. «Бул кандайча? Кантип эле дудук болсун?» Данияр уккан сөзүн мээсине киргизе албай дендароо болуп туруп калды. Ушул мөлтүрөгөн жанды жамандыкка кыйбай ичи ысып-күйүп баратты.
Бирок, тынчый алган жок жигит. Акылына баш бербеген бир улуу күч аны кайрадан эле ошол кызга жакындата берген эле. Андан бери канча өттү. Эч нерсе көңүлүндө жок жүргөн кезде ата-энесинин сөзү көңүлүнө бурганак салды. Биротоло көнүп, Элизага баш-оту менен берилип калган жигиттин айласы кетип калды.
«Келесоо, ал менен өмүр бою кан¬тип жашаган жатасың?» деди атасы болгон ачуусун бүркүп. «Балдарың да дудук төрөлөт. Мен неберелеримдин дудук болушун каалабайм» деди апасы жашын төгүп. Аларга эмне деп жооп берээрин бил¬бей шалдайган жигит чайналып турду.
Данияр ордунан туруп, максатсыз эшикке чыкты. Кайда бара жатканын билбей кете берди. Бир кезде караса Элизанын үйүнүн жанына келип калган экен. Негедир жоготкон жогун тапкандай сүйүнүп кетип, коңгуроого кол жиберди.
Таежеси акырын басып келди да акырын үн катты:
– Элиза, Данияр келди…
Эки бутун бүрүштүрө кучактап отурган кыз башын көтөрүп караган да жок. Акыркы жолу Даниярга жолугуп келгенден бери ушул абалда. Тамак да ичпейт, жумушка барганды да койду. Көңүлүндө ыза, жү¬рөгүндө өксүк…
«Эмне үчүн мени ишендирди? Эмнеге жай турмушума киришип мени багындырып алды? Башында эле билдик эле го жолубуз эки ача экенин. Жанымды койбой жү¬рүп багындырып алды эле го? Ат¬тиң жашоо, бакыт аз убакытка келип эле кете береби жалоорутуп? Жолукканда эле, оозунан эч нерсе чыга электе эле билдим. Анын канча күндөн берки азабын, ата-энесинин кысымына туруштук бере албагынын дароо сездим. Сезгенде айлам канча…» Арман дарты көз жашка айланып, жаак ылдый тоголонду.
– Элиза чыкпайт. Эми аны жайына кой, Данияр… Ансыз да бул жаштайынан куруган шордуум…
– Эже…
Данияр алдындагы мээримдүү аялдан жардам күткөндөй жалдырап карады. Жашып кеткен аял көз жашын жоолугу менен аарчый отургучка көчүк басты.
– Өх, шордуумдун таалайы тайкы жаралган окшобойбу. Элиза – менин улуу эжемдин кызы. Эжеме сулуулук бергени менен акылын кыскараак кылып коюптур Кудай. Эркектер кызыгышып жаш кезинде ары сүйрөп, бери сүйрөп жүрүшүп, жалмап тынышты. Аракка берилип кетти. Элизанын атасы да отуруп келген неме эле. Экөө жаңжалсыз тура алышчу эмес. Элиза эми жаңы тили чыгаар маалы эле. Бир күнү түнү менен ичип чыккан немелер баланын жүрөгүн түшөөрүн да ойлобой мушташат. Күйөөсү эжемдин балжа-булжасын чыгара уруп жатып өлтүрүп коёт. Жалгыз бакыра берип, кансыраган энесинин өлүгүн көрүп, байкушумдун ошондо жүрөгү түшүп калса керек, сүй¬лөбөй калды. Кийин атасы соттолуп кетти. Мен өз колума алгандан кийин ары чуркап, бери чуркап, көрсөт¬пөгөн же¬рим калган жок. Бирок, жар¬дам болбоду.
Анан сени менен жолуккандан кийин бактылуу жүзүн көрүп эч нерсе деп тыя алган жокмун. Башында эле билгем экөөңдүн жолуңар бир болбосун. Бирок, «кой» деп тыйганга дилим жол бербеди. Аядым окшойт. Эми минтип… Ата-энеңде де¬ле күнөө жок. Болгону сураарым, мындан ары Элизанын тынчын ал¬ба. Жүрөгү өлүп калган кургурум эми эмне болоор экен?..- таежеси буркурап ыйлап жиберди.
Бирөө башка чапкандай селдейген Данияр шалдырай үйүн көз¬дөй басты. Жүрөгүн мыжыккан нерсе уламдан улам күчөп бара жатканын сезди.
– Уулум, келчи, кийип көр. Тим эле кыдырбаган дүкөн калган жок. Сага чак эле болуш керек.
Эки жактан жаалап жатып той кийимин кийгизип көрүп жатышты. Өзүн күзгүдөн караган Данияр көп¬төн бери күзгүдөн өзүн карабаганын ойлоду. «Менин күзгүм Элизам эмес беле. Эми кайсы арыма карайм?» деп жатты көздөрү. Уулунун шапайган жүзүнөн көзүн албай турган ата- эне кайпактап кетишти.
– Каап, мынча арыктап…
– Мейли эми, эртең эле алмаштыра коёбуз..
Эптеп эле көңүлүн алгысы келген ата-энесин аяп кетти.
– Макул, эртең барам өзүм,- деди ооз учунан.
Той. Ак көйнөк кийип жадыраган колуктунун жанында жасалма күл¬гөн Данияр турду. Ушул тойдон да, өзүнө арналып жаткан тосттордон да тажап, баш оогон жакка басып кет¬киси келип жатты. Бирок, аны бутунан байлаган нерсе – ата-энесинин алдындагы милдети эле. «Тезирээк бүтсө экен. Эптеп чыдасам…» Даниярдын суз жүзүнө көңүл бурган эч ким болгон жок. Алыста гана бир жалгыз жүрөк аны жоктоп ыйлап жаткан эле…
Элиза ордунан турду да, күзгүгө көз жүгүрттү. Өзүн чоочун адам карап тургандай селт эте түштү. Көз¬дө¬рү алайып, жүзү купкуу. Нечен ай ооруп жаткан адамдардай болуп, басса жер көчөт. «А Даниярчы? Ал кандай абалда? Кантип эле ушинтип ажырашып кетебиз? Демек, эркектердин бардыгы ушулбу?»
Көңүлүнө атасынын элеси келди. Мына, балжа-булжа болуп союлган дене… Апасынын канталаган, коркуп кеткен көздөрү… Анан бычак…
– А-ааа-а! Ап-а-ке!
Жапайы үндөн коркуп кеткен таежеси ашканадан чыга калып, бетин баса бакырып жаткан Элизаны көрдү.
– Айланайын Кудай! Элиза, сенби? Сен… Демек…
Кучактай калып өксүп жиберген таеже эчен жылдан бери биринчи жолу Элизанын үнүн уккан эле.
Үйлөнгөндөн кийин Даниярдын турмушу ойдогудай болуп кеткен жок. Ата-энеси Элизадан ажыратыш үчүн эле шашылыш үйлөнтүп коюшкан эле. Бир үйдө жашаган менен Данияр менен Назгүлдүн жашоого болгон көз карашы таптакыр башкача болуп чыкты.
– Даник, мени карасаң, бул көй¬нөгүм кандай жарашат экен?
Күзгү¬нүн айланасынан кетпей ойсоктоп турган аялын бир карап алып Данияр кайдыгер унчукту:
– Билбейм.
– Данияр…
– Бол эми, жумушуңдан кечигесиң…
Аялы адатынча тултуңдап таарынып алды. Бардар атанын кызы болуп жашоонун күнгөй-тескейи менен иши жок Назгүл чындап эле күйөөсү каалагандай жар болуп бе¬ре алган жок. Ошондон улам көкү¬рө¬гүн муздак сезим каптай берчү. Даниярдын жүрөгүн ээлеген нерсе – Элизага болгон сагынычы эле.
Адатынча жумушуна бара жаткан Данияр жолдун ары жагында келе жаткан тааныш караанды көзү чала калды. Ооба, ошол! Эч өзгө¬рүл¬бөгөн экен. Баягы эле спорттук күрмө кийип, сүрөт салган сумкасын ийнине илген чырайлуу кыз. Жүрөгү дүкүлдөй согуп кетти.
– Данияр, эмне дел болуп турасың? Баспайсыңбы?
Аялынын заардуу үнүн да укпай дел болгон Данияр куса кылган караандан көзүн албайт.
– Данияр дейм!..
Чаңк эткен ачуу добуштан улам башын көтөрө берген Элиза маңдайында өзүн дел боло тиктеген Даниярды көрдү.
– Данияр?!
Бул ат оозунан кантип чыгып кеткенин билбей калды кыз. Бүткөн бою менен умтулуп бара жатып, кайра кимдир бирөө бетине суу чачкандай кетенчиктей берип артында келе жаткан адамга урунуп алды. Колундагы сумкасы жерге түшүп, ичиндеги сүрөттөр чачылып калды. Данияр күлгөн абалында… Данияр ойлуу… Айтор, ар кандай абалын чагылдырган сүрөттөр эле…
– Элиза, сен… Сен кантип?..
Данияр көргөн сүрөттөргө да, ук¬кан кулагына да дел болду да калды.
Элиза эч нерсе деп жооп кайтарган жок. Жердеги чачылган өзү¬нүн сүрөттөрүн бир карап, бир өзүн караган Даниярдын көзүнөн сагыныч менен өксүүнү окуду. Элиза ала¬йып өзүнөн көзүн албай турган Даниярдын аялын бир карап алды да, башын бийик көтөрүп өз жолу менен кете берди. Данияр болсо жанындагы аялын таштап Элизанын артынан чуркап бара албай же оз жолун улап кете албай, турган ордунда нес немедей озунун суротторун кармаган бойдон кала берди….

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!