Аралаш темада

Дагы бир окуя

Салам достор менин башымдан өткөн
тагдырды бир да кызга каалабайм.!
Мен 1995-жылы туулгам. Папам
кыргыз, мамам казак.. 11-классты бүткүчө
Алматы калаасында жашадык.. Эгер
жазгандарымдан ката кетирсем кечирим
сураймын! Анткени казак жеринде,орус
мектепти айактаганмын.. Ошентип Бишкеке
2013-жылы келдик, мен бул жактан окууга
тапшырдим..2016-жылы августь айында сүйгөн
жигитим экөөбүз турмуш курдук, ал кезде өткөн
бактылуу адам жок эле..ал менден 4 жашка улуу
болчу. Жолдошум экөөбүз бири бирибизди
ушундай катуу сүйгөндүктөн, дайыма чогуу
жүрчүбүз. Ал мени такыр жалгыз калтырчу
эмес.. Бирок тагдыр деген биз ойлогондой
болбойт экен,жашаганыбызга 5 ай болгондо,таш
боор ажал жолдошумду менден алып кетти.
Тагыраагы жолдошум авто кырсыктан көз жумуп
кете берди. Ал учурда мен кош бойлуу
элем,курсагыма 3 ай болуп
калган..жолдошумдун каза болгонун укканда
мен да артынан кетким
келди, кыйкырдым, жулундум, айла жок ыйлап
кала бердим. Анткени курсагымдагы бей күнөө
наристени ойлогондо,жүрөгүм жанчылып канап
турду. Өлгөндүн артынан өлбөйт,тируу адамдын
жашоосу өтө берет экен. Ата энем, кайнене
кайнатам баары менин көзүмдү
карап,курсагындагыны ойло, кудайдын салганын
көтөрүүгө милдеттүүбүз деп мага акылдарын
айтып келишти. 2017-жылы июль айында
сүйгөн адамымдан калган чооң белегимди
жарык дүйнөгө алып келдим. Ошондогу
жүрөгүмдүн ооруганын сиздерге сөз м.н айтып
жеткизе албайм.. Кызымдын ынаалаган үнүн
укканда,мен бир чети эне болуп сүйүнүп бир
чети атасынын кызынын үнүн укпай кеткенине
ичим ачышып ыйлап жаттым… Мына кызым
быйыл 1ден ашып там тун басып жүргөн
кези,анан тили да ата деп чыкты.. Азыр
жолдошум жок болсо да кызым үчүн
жашаймин.. УЛУУ ЖАРАТКАН Аллахка
ыраазымын,сүйгөнүмдү алып кетсе да,кайра
ордуна кызын тартуулады.! Мына ушундай
менин тагдырым..айла жок тагдырга баш ийет
экенбиз да!

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!