Анекдот - кыргызча

сен дагы кармадыңбы!?

Шаардан айылга каттаган автобусда эл жык толтура, күн аябай ысык. Бир маалда кимдир бирөө абаны сасыта булгайт. Элге аба жетпей, эл журт сөгүнүп:
– “Сволуч, ким койберди…!?!?
Кимиң болсоң да бетиң жок экен” деп жиндери келе баштайт. Бир маалда тыынч, үн чыгарбай отурган бир абышка мындай дейт:
– “Ой! Акырынгыла, менин көзүм ачык… табыпкермин, мен ал кишини бат эле ачыка чыгарам…!!” дейт.
Эл чалды карап тынчып калат. Чал:
– “Мага жип керек, автобусдун башынан аягына жеткидей” дейт. Кайдан-жайдан жип дагы табылат.
Чал:
– “Эми жипти башынан – аягына тарткыла да, анан баарыңар кармагыла… Баарыңар кармадыңарбы?
АБАНЫ БУЛГАГАН адам , сен дагы кармадыңбы!?” десе Бирөө: – “ООБА!” деп жооп берип коёт дейт.😆😆😆😂😂😂

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!