Окуялар

Сагындын каты(комедия)

🌟🌟🌟

Сагындын каты.(комедия)

Чоң тамга менен жазылган сүйлөмдөр баардык кыргыз кинолорунун аттары!! !

…Салам алейкум,Бейшен таяке!Ден- соолук,иштериңиз жакшыбы?АКШООЛА тажеңем кандай жүрөт?Дөөлөт менен Гүлсүнай чоңоюп калыштыбы?Бизде баары жакшы.Айыл тынч дегендей.Сиз баягыда тойго келип кеткенден кийин чоң өзгөрүүлөр болду.Асема жаңы ала качып келгенде жеңемди ичке тээп отурбай жатпады беле,азыр болсо ага жайлоо жагат.Күндө КАЙЫП БУЛАКка барып бийлеп,суу алып келет.Ал суудан келатканда бийлегенин улам КӨРГҮМ КЕЛЕТ десеңиз?Оокаттан тажаганда кээде “шаарга кетеличи” деп калат.Баарыбир шаардык да.”Бишкекке барып,жок дегенде ОБЩАГАга чыгалы”дейт. Бул эми чоң ПЕНТХАУСтарда жашап жүргөн кыз да,жайлоонун кадырын билбей жатат окшойт.Анан мен айтам “шаарыңа барып КВАРТИРАНТ болуп жүргүм келбейт”деп. “Өзүмдүн жайлоодо үйүм бар,МЕН КЫРГЫЗМЫН! “дейм.Туура айтамбы таяке?Анан Асема сүйлөнүп кирет,”биз качанкыга чейин боз үйдө жашайбыз?Тээтиги кемшийген ЭЭНСИРЕГЕН ҮЙүңдү оңдо же сат да!”деп. “Ал үйдү сата албайм Асе!Ал үй атамдан калган АМАНАТ.Мен жалгыз АТАДАН КАЛГАН ТУЯКмын”дейм кээде айлам кеткенде.Негизи, мындай уруштар анда-санда эле болбосо,дээрлик болбойт деле.Асема өзү жакшы.Чай берет,кир жууйт,суу алып келет,отун жарат,малдын жем-чөбүн берет,мал кайтарат,комузду алып бере коёт дегендей.Кыскасы, келиниңиз бүт баарын кылат.Мен керээли кечке жамбаштап жатып алып коңурукту кош тартам.Кээде жогорудагыдай жаңжал чыгып кетсе,”Анараны эле алып албай”деген ойлор келет.Бул эми убактылуу… Тамак ичип жатканда Асема комузду алып бере коюп Бек Борбиевдин “ДЕЛБИРИМ” деген ырын эле ырдатпаса,баардыгы сонун.”Делбирим а,делбирим,ай- ай-ай”деп эле жатып калам.Кээде Асеманы тамашалап калам”ТҮНДҮКТҮК КЕЛИН болгон кандай экен?Билесиңби, сени БЕШ КЕМПИР отургуза албай кыйналганын? Эми карачы экөөбүз бири-бирибизди кандай гана сүйөбүз.Эми кана,СҮЙӨМ ДЕЧИ”десем, “мунуңду ЭЛ УКПАСЫН!” дейт.”Ой,эмнеге укпайт?Сен менин аялымсыңбы? “десем,” биздин ортобузда МАХАБАТ жок да”дейт.” Эми кызык го?Азыр ЫЗЫ-ЧУУ болот.Анан биздики эмне экен?”десем, “КЫЛМЫШ,ала качуу кылмыш.БЕЛГИСИЗ МАРШРУТ менен мени ала качып келип,Анара эмесмин десем болбой отургузгадың беле!”деп жанды чыгарат.Ошол түнү урушуп ЖАРАЛАНГАН ТУРНАЛАРдай болуп АЗАП тартып жатканбыз.Демейде, “КӨК ЖАЛым”деп мактачу Асемадан үн жок.”ЧИРКИН ӨМҮР!5000 СОМ акчам болгондо дублёнка сатып берип СЮРПРИЗ кылмак экемин,кап ай!”дегеним эсимде.Таеке, бул окуялар сизге тамаша көрүнүп жатса керек.Бирок, бул чын…Асеманын атасы министр болгонун уксаңыз керек.Бир убактарда МИНИСТРДИН КЫЗЫНЫН МАХАБАТЫ болгонум үчүн сыймыктанып калам.Негизи, Асема уйкудан ойгонгон сайын “Сагын,түндүктү жаап койчу.Бетиме ПОЛАРИС ШООЛАСЫ тийип жатат” дей берет .Анан мен түшүндүрүп кирем “Асе,ал күн шооласы”деп. Айтор,кызык күндөр.Бир жолу КӨК БӨРҮ оюнун көрүп кечинде үйгө келсем,БРАТАНДАРым, ДОСТОРум Алман менен Марат отурат.Учурашкандан кийин Марат айтып калды:
-Эй,Сагын.Үйүң кайсы КӨЧӨдө?
-РАЗЗАКОВ,-дедим. -Эмнеге келдиңер эле?
-Нарынга баратканбыз жеке иштер менен.Жол жабык экен.Анан айла жок сеникине келдик.Мындай учурда СЕН ЭМНЕ КЫЛМАКСЫҢ?
-Ушундай эле кылмакмын,-дедим жылмайып.-Туура. Айтканың эптүү.А берки Айдар кайда?
-Ал Москвага кетип МИГРАНТ болуп жүрөт.Жашоосунда кыйынчылыктар болуп жатат го бейм,-деди Алман үшкүрүнүп.
-Ариетчи?
-Уккан жок белең?,-деди Марат көзүнө жаш айланып.-Ал 21-ДЕКАБРда үзүлүп кетти.Айдайга жаман болду.
-Эмне болуп кете бериптир?
-Ар кайсы ПОНТторго илешип жүрүп аягы ушул болду,-деп Марат столду чапты.Асема даскорконду укмуш жайнатыптыр, өрүк,мейиз деги койчу эч нерсесин аябаптыр.” БРАВО,катын” дедим ичимен.Марат столду чапканда Асеманын жини келип кыйкырды:
-Марат аяш!Жөн эле отурбайсыңбы столду чапкылабай! Карачы,вареньени төктүң!
-Асема аяшка!,-деди Марат тишин кычыратып.-Жакында сени жайлабасам АТЫМДЫ БАШКА КОЁМУН.Бул Сагын биздин БИРТУУГАНЧИК да.Ошого кол да барбай жатат.
-Ии,байкуш.Тишиң АК АЛТЫН болуп кетиптир,-деп Асема каткырды.
-Тиш алтын эле болот.Ак алтын тишти кайдан көрдүң эле?
…Мени көзгө илбей эле экөө эрди-катындай кайым айтышып жатканы менин жинимди келтирип турду..
-Дагы муну КОНОК деп сыйлап коём,-деген Асема тура калып,аарчып жаткан КЫЗЫЛ АЛМАсы менен Маратты башка уруп ийди.”Тоңк” деген үн чыкты.Мындайда Марат жөн турабы,дасторкондо турган АПЕЛЬСИНди алып Асеманы чапты…Экөөнүн ортосуна тура калып Асемага кыйкырдым:
-Бул жерде ЭРКЕКТЕР сүйлөшүп жатканда эмне аралашып жатасың!Бар, АБЫСЫНДАРыңа барбайсыңбы!
…Асема чыгып кетти…Маратка кайрылдым:
-Баягы Мираны көрүп атылып жатпадың беле.Эмне,чаптыңбы?
-Жок.
-Ии.
-Азыр Айдай менен жүрүп жатам.
…Экөөнү эшикке алып чыгып узатып ийип үйгө кирсем,Асема капалуу экен.
-Билесиңби,биздин МЕГАТОЙдо мен сага кандай гана гүл бергенимди? Кааласаң азыр түнгө карабай талаадан ОРХИДЕЯ терип келип берейинби?,- дедим таарынычын жазымыш болуп.
-СООЛУГАН ГҮЛДӨРүң турат тигине вазада,-деп бурк этип ары карап жатып алды.
-Сагын?,-деди бир кезде.
-Ии.
-Биздин келечегибиз ТУҢГУЮК болуп баратат.Сен иштебейсиңби? ТАЛАС-БИШКЕК жолунда эл ташы,ГОНЩИК ТАКСИСТ болуп.
-Ээ,кайдагы таксист?,-дедим кабагымды түйүп.-Машина жок да.Же эшиктеги Жигулини айтып жатасыңбы?Анын дөңгөлөктөрү жок.
-Эртең менен аялдамадан “БИЗГЕ ТИГҮҮГҮЧҮЛӨР ЖАНА ҮТҮКЧҮЛӨР КЕРЕК!” деген жарыяны окуп калдым.Ошол жакка баралы.
-Асе,койчу эй!,-дедим күлкүм келип.-Жакында мен Кажы-Сайга УЧАСТКОВЫЙ же АЙЫЛ ӨКМӨТҮ болом го…
-“Кандайсың” дегендей эле айтасың го,-деп Асема каткырды.-Сен деген койчусуң да!
…Мени табаласа да “сабабай эле коёюн”деп чечтим.Уйкуга кеттик…Эртең менен Асема экөөбүз жатсак,бир дабыш угулуп,бирөө кирип келди.Көрсө, ал АПАМДЫН МАХАБАТЫ атам ТАКЕБАЙ экен.Атам “Эй,БАЛАКАЙлар, түшкө чейин эмнеге уктайсыңар! “дегенде Асема уялып,төшөктөрдү жыйнап,дасторкон жайып,атамды чакырды.
-Асема,мага баягы МЕН СҮЙГӨН КАРАГАТ вареньеден чай берчи,-деди атам.Анан мага карап:
-Сагын,мен сага баягы Мураттын карындашы АЖАР беле?Ким эле?Кыскасы, “ошону эле ал”десем болбой койбодуң беле.Азыр укмуш сулуу болуп чоңоюптур.Карачы эми мунуң чай куя албай жатат.
-АТА,Асема деле жакшы,-дедим Асеманы карап.
…Бир күнү түшкү маал сарайда койдун жүнүн кыркып жатсам Асема келди.
-Сагын,азыр эле дүкөндүн жанынан Муратты жолуктурдум, -деди жылмайып.
-Ии.Эски сүйүүңдү унута албай жатасыңбы?Же, эмне ортоңордо БАЙЛАНЫШ барбы?,-дедим кекетип.
-Жок…Мурат миллионер эле да.Сен ала качып кетпегенде МИЛЛИОНЕРДИН СҮЙҮҮСҮ болмокмун.
-Дагы эмне!,-деп Асеманы ШАЙТАН АРАБАдан алып түшүп,жакалап, муунттум.Байкушумдун деми кыстыгып,көздөрү чакчайып калыптыр.Биздин сүйүү аппак сүйүү болбой эле КАНДУУ СҮЙҮҮ болгону калды.Бир кезе Асема чырылдап ийди:
-Тун сүйүүм коё берчи!Мен Мурат менен Бурманы баягы сарайга жылкыны кулуну менен көргөнгө баргандан бери жек көрөм!
…Колдорумду моюнунан бошотуп сурадым:
-Дүкөндүн жанынан Мурат менен эмне жөнүндө сүйлөштүңөр?
-Бурма кош кат экен.Мурат экөө бала күтүп жатыптыр!
-Ким экен?
-Кыз.Атын “Сагын экөөңөр коюп бергиле”дейт. Жарыгым,ким деп коёлу,-деди Асема мени жал-жал карап.
-“АСЕЛЬ” деп коёлу.Менин биринчи сүйүүмдүн атынан,-дедим. -Же сага чейинкиси ЖАМИЛЯ дейли.
…Асема көпкө ойлонуп,ТОМПОШКА ТОНЯ деген атка токтолду.,
…Бейшен таяке!Бул катка мен биздин жашообуздун айрымдарын гана жаздым.Ар бир күнүбүз кызыктуу…Суранаарым каттын ар бир сүйлөмүн калтырбай окуңуз!…Сүйүнчү! Асеманын боюнда бар.Ошонун урматына кийинки жумада конокко келип,атын өзүңүз коюп бериңиз!Айла байкем,жеңем, дыңкыйган байкем,жеңем, Айганыш,Дарийка жеңемдер,майор Суранов баардыгы келишет.Саламатта болуңуз!Күтөбүз!
ЖЭЭНИҢИЗ САГЫН!
#сагындын__каты

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!