Анекдот - кыргызча

Электрик

Бир жигит үйүндөгү ууру токтон пайдаланып жүргөн экен. Ушундай күндөрдүн биринде үйүнө айылдан апасы конокко келип калат. Келинчеги экөө конокко кетип баратып апасына:
– Апа, мобул жерде эки точка бар. Эгер чай кайнатсаңыз, сол жактагысына сайыңыз. Оң жагына тийбеңиз. Анткени оң жагы өкмөттүкү, сол жагы биздики,- дейт.
Ошентип, баласы конокко кетет. Арадан көп өтпөй электрик текшерип келип калат. «Счётчикти текшерип кетейин» десе, апасы үйүнө ээрчитип кирип, точканын жанына алып барып:
– Сол жактагысы биздики, оң жактагысы өкмөттүкү. Айланайын балам, биз өкмөттүкүнө тийген жокпуз. Өзүбүздүкүнө кайнатып ичип жатабыз. Биз деле законду билебиз, -деп коёт дейт😂😂😂😆😆😆

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!